
"Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик коому аба чубалгылардын мамычаларын суу ташкындарынан коргоо үчүн кошумча дамба курду. Бул тууралуу маалыматты ЖАЭ ААКтын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука районуна караштуу Шекафтар-Ажек аба чубалгысынын мамычасы сайдын суусуна жакын болгондуктан аны коргоо зарылдыгы туулган. Жаан-чачындын көбөйүшү менен суунун басымы көтөрүлүп мамычага жакындамак. Мындан улам аталган аба чубалгынын №10 мамычасын суу ташкындарынан коргоо үчүн Ала-Бука райондук электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы электр жабдууларын тейлөө кызматынын адистери кошумча дамба куруп, суунун жээгин бекемдешкен.