Сузак районунун 31 жаштагы тургунун атайын бычак сайып өлтүргөн жаран жашынган жеринен кармалды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы таратты.
Маалыматка караганда, окуя 22-март күнү кечки убакта Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон.
“Денесинен алган алган жараатынан улам жабырлануучу Жалал-Абад облусттук ооруканасына жетпей каза болгон. Жогорудагы факты боюнча кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголуп, натыйжада Сузак районунун Комсомол айылынын 26 жаштагы тургуну жашынып жүргөн жеринен кармалды жана ал жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алды”,- деп жазат ИИМдин басма-сөз кызматы.
Ушул тапта шектүү Жалал-Абад ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.