Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында 14 миллион сомдук маданият үйүнүн курулушу башталат. Бул тууралуу 11-августта 1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев билдирди.
Маалым болгондой, аталган маданият үйүнүн курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталмакчы.
«Чаткал, Аксы, Ала-Бука райондору боюнча сынак болуп курулуш иши боюнча биздин айыл аймак жеңип алдык. Эми маданият үйү Ажек айылына курулуп баштайт. Маданият үйүнүн курулушуна 32 сотик жер ажыратып бердик», - деп кошумчалады Шербаев.
Маданият сарайы 260 орунга ылайыкташып, заман талабына ылайык, 2 кабаттуу курулат. Курулуштун долбоорунда маданият үйүнүн 2-кабатында атайын бий залы оруналмакчы.