Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:28
2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?
22:23
Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуду
22:23
Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду
23:45
Январь айына 500 млн доллар менен кирдик – президент
23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
21:47
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
17:59
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет
17:58
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
17:56
Владимир Путин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
23:42
Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды
23:41
Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди
23:46
Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты
23:45
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды
23:45
"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат
23:44
Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды
20:42
Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
20:42
Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
20:39
"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы
20:37
Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды
20:36
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда
23:23
Баткен: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
23:17
Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту
23:16
COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду
Бардык кабарлар

АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫН КИМ ШАЙЛАГАНЫ НАТЫЙЖАЛУУ?

Жаңылыктар / Кыргызстан
434
0

АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫН КИМ ШАЙЛАГАНЫ НАТЫЙЖАЛУУ?

Өткөн аптада Жалал-Абад шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарынын коомдук угуусу орун алып, анда ЖКдагы “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушу көпчүлүктүн талкуусуна татыды. Эл өкүлүнүн сунуштаган мыйзам долбоорунда айыл өкмөт башчыларынын айылдык кеңештин депутаттары эмес, жергиликтүү тургундар шайласын дегени айрым эл өкүлдөрүнө жага бербегени менен карапайым калк колдоого алганы басымдуулук кылууда. Мындай көрүнүштөн улам аталган теманын алкагында тийиштүү тараптарга суроо салууну эп көрдүк.

Кенжебек БОКОЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты: “КАЛК КАЛЫСТЫК КЫЛАТ”

-Айыл өкмөтүнүн башчысын тикелей шайлоо аларга карата жергиликтүү калктын ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.  Андан сырткары, айыл өкмөтүнүн башчыларын тикелей шайлоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын коррупцияланган, кылмыштуу жетекчилерден тазалоого да түрткү берет. Калк бири-бирин жакшы билгендиктен, жергиликтүү депутаттарга караганда калыстык кылат. Ошондой эле, жергиликтүү кеӊештердин иштөө мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу зарыл.

Осмонбек ДЫЙКАНБАЕВ, Курманбек айылдык кеңешинин депутат: “ДЕПУТАТТАР ШАЙЛАГАН БАШЧЫ КӨЗ КАРАНДЫ БОЛОТ

-Негизинен алганда депутаттар шайлаган менен эл шайлаганда деле кемчиликтери да артыкчылыктары да бар. Канткен күндө да жергиликтүү элдин шайлаганы эффективдүү. Анткени жөнөкөй эл билет кимдин кандай экенин, ким кантип иштеп берээрин. Анан да эл тараза болот. Айрым учурларда туугандарына тартып кетүү, же айылдашын колдоо болуу мүмкүн. Деген менен баары бир алардын шайлаганы реалдуу. Ал эми депутаттар шайлаган жетекчи депутаттарга көз каранды болуп калаарын буга чейинки айыл өкмөт башчылары далил болуп беришкени чындык. Айылдык кеңештин депутаттары шайлаган учурда бөлүнуп-жарылмай, акчага сатып алуу маселелери күчөп кетет. Ал эми оң тарабынан алганда депутаттар шайлаган учурда чыгаша азаят.

Анан дагы бир маселе, айыл өкмөт башчысын түз дайындоого да каршымын. Эгерде аким же облус жетекчи айыл өкмөт башчысын дайындай турган болсо коррупциянын жеткен чеги ошол жерде деп ынанымдуу айтууга болот.

Башканы коюп өзүбүздү эле айтсам, буга чейинки айыл өкмөт башчысын шайлоодо дайындалган башчы депутаттарга көз каранды болуп калды. Анткени, “Мен сени шайлаганмын” деген депутаттардын аша чабуусу да орун алды.  

Мухтар ШЕРБАЕВ, 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы: “ЭЛ ШАЙЛАСА АЙЫЛ ӨКМӨТТҮН ДЕҢГЭЭЛИ ЖОГОРУЛАЙТ”

-Эл бүгүнкү күндө татыктуу башчыны шайлап алуу деңгээлине жетти. Кандай күндө болбосун алар “башы иштеген” кадрды тандашат. Буга болсо тээ эл шайлап жүргөндөгү учурлар джеле далил боло алат. Анткени атайын жүргүзүлгөн анализдин негизинде ошол жылдарда айыл өкмөт башчылыгына татыктауу башчылар шайланып, айыл өкмөттөрдө реалдуу иштер жүргөн. Чынында эле иш билги адамдар дайындалып келген. А азыр болсо акчанын кучү менен келген депутаттардын арты менен айыл өкмөт жөнүндө, аны алдыга жылдыруу планында жок эле инсандар айыл өкмөт башчылыгына келип жатканы өкүнчтүү. Андан калса элге болгон отчеттуулук да жоголуп кетти. Миллиондогон акчалардын отчету депутаттарга гана бересин дагы, элге жөнөкөй эле маалымат гана жеткирип коесун. Бул деген бүтүндөй бир элдин акысын аз эле адамдар калчап коюп жатканынан кабар берет. Андан калса айыл өкмөт бюджетин дагы баарын дебейин бир нече сабатсыз депутаттар чечип олтурат. Ошондуктан аймактардын башчысын эл эле шайлаганы дурус. Ошондо гана 5-6 депутаттын айтканынан чыкпаган, тажрыйбасыз жетекчинин шайланып калуу коркунучу азаят. Андан калса депутаттар шайлаган учурда кол ийрисине тартат болуп, коррупциялык схемалар колдонулган. А эл шайлачу болсо таптакыр түшүнүгү жоктордун ордуна билимдүү, тажрыйбалуу, калкка кадыры бар жетекчилер келип, айыл өкмөттөрдүн деңгээли жогорулаары шексиз.

Мирлан БАКИРОВ, Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс”: “ЭЛ ШАЙЛАШЫНА КАРШЫМЫН

- “КРдин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы добуш берген 41 депутаттын катарына мен дагы киремин. Биз жергиликтүү бийлик органдарына тикелей шайлоорду буга чейин деле өткөргөнбүз. Кезинде Кытай мамлекетин башкарган Ден Сяопин айткандай “ак мышык болобу, сары мышык болобу, кара мышык болобу чычканды кармаса болду” деген принципти туура деп эсептеймин. Кыргызстанда 453 айыл аймактары болсо, анын 83 пайызы дотацияда турат. Ошондуктан бизге азыр экономиканы өнүктүрүү жолун көздөгөн мыйзамдар керек.

Манас ЧОМОНОВ, Назаралиев айылдык кеңешинин депутаты: “ТҮЗ ДАЙЫНДАЛГАНЫ ЖАКШЫ”

-Менин жеке пикиримде айыл өкмөт башчысын түз дайындоо туура болмок. Себби биздин менталитет боюнча айылда элдер уруу-урууга, көчө-көчө болуп бөлүнүүчүлүк бар. Түз шайлоо болбосо тууганы же айылдашы көптөр шайланып калуусу мүмкүн. Ошондуктан түз дайындоо жолун туура деп эсептейм. Анткен менен түз дайындалган жетекчиге каттуу талап коюп, иштеги жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Ошондо гана айыл өкмөттө жылыш болуп, экономика, айыл чарба, бюджет жана ушул сыяктуу бир топ маселелер жөнгө салынып, көйгөйлөр тезирээк чечилет деп ойлойм. 

Азыркы учурда шайлоонун айынан көптөгөн иштер убагында бүтпөй, социалдык маселелер чечилбей кечеңдеп жатканы белгилүү. Дагы бир көйгөйүбүз, азыркы бюджетибиз өзү канчалаган млрд сом тартыштыгы менен кабыл алынып жатканын эске алуу менен айыл өкмөттөрдү шайлоодогу чыгымдарга да баам таштап коюу оордук кылбайт. Бардык нерсенин оң жана терс жактары болот эмеспи. Ал сыңары оң жагы басымдуулук кылган системаны тандап алсак өзүбүзгө эле пайда.

 

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА,

«Взгляд»

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно