Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
23:25
Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасы Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
23:24
Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташып, кезек жоюлду
23:25
Казакстандын УККсы чек арадагы фуралар боюнча көрүнүшкө түшүндүрмө берди
23:28
Кыргызстандыктар, өзбекстандыктар чек арадан эми ID-карта менен өтө алат
22:07
Диетолог стресстен оңой чыгууга жардам берчү азыктарды айтты
23:26
Кыргызстандык академик чек арадагы көйгөйлөрдөн улам казак бийлигине кайрылды
23:34
ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүүдө
22:51
ЕАЭБде курулуш темпи активдешти. ЕЭКтин алты ай боюнча маалыматы
23:30
Трансулуттук УКТ мүчөсү кыргызстандыктын $1,8 млн криптовалютасын ээлеп алган
23:26
Администрация: Садыр Жапаров “Барселонанын” легендалары менен таймашат
23:17
Бали! Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
23:43
Өлүмдөн кийинки өмүр. Бүгүн ырчы Виктор Цой эскерилүүдө
23:03
ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
23:02
Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи
23:01
Санкт-Петербургда кыргызстандык таксист келиндин төрөтүнө жардам берди
22:58
Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады
22:57
КМШ оюндары. Самбо боюнча курама команда 3 медаль жеңди
22:56
КМШ оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы күмүш медаль багындырды
22:51
Россиялык дарыгерлер Ошто кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасашты
22:48
Адистер кечки тамактан баш тартуу эрте өлүмгө кептээрин билдирди
Бардык кабарлар

Базар-Коргон: ЖЕР КӨЧКҮ ЖЫЛЫП ЖАТАТ

Жаңылыктар / Жалал-Абад жаңылыктары
1 342
0

Базар-Коргон: ЖЕР КӨЧКҮ ЖЫЛЫП ЖАТАТБазар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагына караштуу Коргон-Жар айылында көлөмдүү жер көчкү күн сайын жылып жатат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде кечки саат 20-30 менен 21-00дө көлөмү 760 миң куб метр жер көчкү жүрүп, Кара-Үңкүр дарыясын бөгөп калган. Анда бир кудай сактап, дарыянын катуу жүргөн нугу жер көчкүнү жарып агып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам жүргүзүлгөн иш чарасынын аркасында Базар-Коргон районунун ылдыйкы зонасындагы айыл-кыштактардан 4 миңге жакын тургундары түн ичинде коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөн. Азыркы мезгилде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын адистери аныктагандай Коргон-Жар айылында көлөмү 4 млн. куб метрди түзгөн чоң жер көчкү күн санап 30-50 метрге акырындап жылууда. Эгерде көлөмдүү бул жер көчкү жүрсө Кара-Үңкүр дарыясынын нугу толугу менен тосулуп калуу коркунучу жаралат.
- Коргон-Жар айылынан 1988-жылы 52 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Аларга турак-жайларын салуу үчүн жер участоктору жана мамлекеттик ссудалар кезинде толук берилген. Бирок, ошого карабастан 32 үй-бүлө мал-жандыктарын карашып, кооптуу аймактан көчпөй жашап келишүүдө. Азыркы мезгилде аларды шашылыш түрдө көчүрүп жатабыз,- дейт КРнын ӨКМнин Базар-Коргон районундагы бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Жеңишбек Матназаров.
Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Айбек Бегимкулов, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдышарип Бекилов, Талды-Булак айыл аймагынын башчысы Кадырбек Акматкулов Коргон-Жар жана Көк-Алма айылдарынын эли менен жеринде жолугушуп, табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча элге атайын кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
- Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 60 жолу жер көчкүлөр жүрдү. Дагы 400гө жакыны салаңдап көчкөнү турат. Адистер тарабынан кооптуу аймак деп аныкталган жерлерде жашоого такыр болбойт. Өзүнүздөрдүн жана балдарыңыздардын амандыгын ойлоңуздар,- деди эл менен болгон жолугушууда ӨКМнин Жалал-Абад облусттук башкармалыгынын башчысы Адышарип Бекилов.
- Биздин башкы максат кооптуу аймактарда жашап жатышкан калкты коопсуз жайларга көчүрүү болуп саналат. Азыркы учурда биз биринчи кезекте жер көчкүлөр турак-жайларына олуттуу коркунуч жараткан Коргон-Жар, Жарадар, Кызыл-Суу жана Улачы айылдарынын жашоочуларына турак-жай салуулары үчүн атайын жер участогун трансформациялоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан ал маселе толук чечилгенге чейин кооптуу аймактардагы үй-бүлөлөр тууган-уруктарыныкына убактылуу жашап туруулары керек,- деди Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов.
- Табигый кырсыктардын алдын алуу максатында адистер күндүр-түндүр тынбай иштеп жатышат. Өзгөн районунун Ничке-Сай айылындагы жер көчкү бир үй-бүлөдөн алты адамдын өмүрүн бөөдө алып кетти. Мамлекетибиздин башкы байлыгы – бул элибиз болуп саналат. Азыркы мезгилде жашоого болбойт деп эскертүү берилген аймактардан тез арада көчүп чыгууңуздар керек. Бул Сиздердин, үй-бүлөңүздөрдүн коопсуздугу үчүн зарыл,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
Өз кезегинде Көк-Алма айылынын тургундары Бекибай Алибаев жана Акимжан Шерматов атайын элден кабар алганы келишкен жетекчилерге ыраазычылыктарын билдиришип, айтылып жаткан маселенин туура экендигин белгилешти. Сактанганды кудайым сактаптыр дегендей өздөрүнүн коопсуздугун биринчи кезекте элдин өздөрү ойлонуусу керектигин ортого ачык салышты. Коргон-Жар айылынын жашоочусу Каныбек Базаркулов учурда 6 үй-бүлө чатырга абдан муктаждыгын белгилеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын башчысы Абдышарип Бекиловдон чатыр бөлүп берүү өтүнүчүн айтты. Жетекчи маселе оң жагына чечилээрин билдирди.



Жолдошбай Осмонов, 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно