Өткөн жылы КРнын экс-президенти Р.Отунбаеванын демилгеси менен Баткен
районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы жайлоосунда жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн Рават айылынын Андиген жайлоолорунда жайлоо
бала бакчалары ачылган.
Аталган жайлоо бала бакчалары быйылкы жылы да өз ишмердүүлүгүн улантууда. Жакында жетекчилик бала бакчалардын ачылуу аземине катышып, бала бакчалардын шарттары жана ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып кайтышты. Бүгүнкү күндө Андиген жайлоо бала бакчасында 15 бала, ал эми Зардалы жайлоо бала бакчасында 20 бала тарбияланууда.
Мындагы бакчада балдар үчүн баардык шарттар түзүлгөн.