Эртең, 14-апрелде Бишкекте Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйыны жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусу болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында ЕАЭБдин алкагындагы экономикалык жааттагы актуалдуу маселелер, Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык кызматташтык талкууланат. Ошондой эле мамлекет башчылар Молдовага ЕАЭБде байкоочу мамлекет макамын берүү боюнча кайрылуусу каралат. Эл аралык саммитке Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Молдованын президенттери катышары күтүлүп жатат.
Бейформал жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттер коопсуздук боюнча маселелерди талкуулашат.