Алмазбек Атамбаев Бишкекте өтүп жаткан ЕАЭБдин лидерлеринин жыйынында эмгек мигранттарын майда административдик жаза үчүн депортациялоону токтотуу зарылдыгын белгиледи. Ал ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын «жалпы эмгек базарын активдүү калыптандырууга» чакырды.
Мындан тышкары Атамбаев бирдиктүү энергетикалык саясат керек болуп жатканына да токтолду.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында айыл чарба багытын өнүктүрүүгө кадамдарды жасап жатканын дагы баса белгиледи.
Кыргызстандын башчысы бул жаатта Орусия менен Казакстан ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлдү орнотууда көмөк көрсөтүп жатканын белгилеп, бул үчүн ыраазычылык билдирди.
Бул арада Орусия президенти Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн улуттук экономикалары жаңы чакырыктарга туруштук бере алганын, жылыштар көзгө көрүнө баштаганын, айыл чарба тармагындагы өсүшкө Орусия жакшы салым кошуп жатканын айтты.
Ошондой эле ал Орусиянын айыл чарбасында импорттун 62 пайызын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарлары түзөрүн, Кыргызстандан барган текстиль 38 пайызга өскөнүн белгиледи.
ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. Бүгүнкү жыйынга бул мамлекеттердин президенттеринен тышкары Молдованын башчысы Игорь Додон катышууда. Молдовага ЕАЭБдеги байкоочу өлкө макамы берилди.