Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
16:18
Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
15:42
Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты
15:20
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
13:08
Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды
13:03
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
16:26
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
16:20
Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды
16:17
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
16:12
Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?
15:44
Кандай эркектер сексуалдуу көрүнөт? Кыз-келиндердин жообу
16:13
Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты
16:05
Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду
14:05
Бишкекте такси айдаган кыздын сөөгү өзү жашаган үйдөн табылды
10:50
Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат
10:42
Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график
11:53
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
11:17
Борбордогу жаңы паркка бак тигип кетиңиз. Мэриянын жаңы акциясы
10:40
Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту
12:26
Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү
12:19
Бишкек — Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт
11:45
Суусамырда кырсыктан набыт болгон бүлө. Туугандары 100 миң сомун таппай жатат
10:25
Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды
15:02
Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди
11:15
ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды
10:33
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
15:10
Достукта "режим" алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү
10:26
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
09:57
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
15:55
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
Бардык кабарлар

“Өнүгүү” парламенттик фракциясы Транспорт жана жолдор министрлигинин 2016-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп тапты

Жаңылыктар / Кыргызстан
236
0

“Өнүгүү” парламенттик фракциясы Транспорт жана жолдор министрлигинин 2016-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп тапты

 

Бүгүн, 14-апрелде «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө отчетунун алкагында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы угулду.

 

КР Транспорт жана жол министрлигинин стат-катчысынын м.а Эрмек Мамыркалиев министрликтин өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасады.

 

Талкуунун жүрүшүндө депутат Мирлан Бакиров министрликтин отчетунда жасалган иштер тизмектелгени менен маселе барып-барып эле ал иштердин сапаты жана көрсөткүчүнө барып такалып жатканына токтолду. Ал Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт дарыясына салынган көпүрө 11 миллион долларга бүткөрүлгөндүгүн айтып: “Биз ушунча бай мамлекетпизби же каражатты сарамжал пайдалана албайбызбы”,- дейт. Ошону менен катар депутаттын суроосунан кийин Бишкек - Кара-Балта жолу үстүбүздөгү жылдын август айында башталаары такталып, Бишкек-Ош жолунун Жалал-Абад – Маданият бөлүгү быйыл башталбай калышы мүмкүндүгү белгилүү болду. Ички жолдордун курулушу дагы сапатсыз болуп жатканы айткан М.Бакиров Транспорт министрлиги бүгүнкү күндө алсыз министрликке айланды деген баасын берди.

 

Жыйын жүрүшүндө депутат Абдыкапар Султанов экономиканын келечеги экспорттоодо делгени менен “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасында вагон жетишсиздигин, бул маселеде министрлик көмөктөшпөгөндүгүн сынга алды. “Мындай кайдыгерлик менен ишкерлердин колу-буту байланып, дээрлик миллиард сомдор сыртка кетип жатат”- дейт ал. Министрликтин стат-катчысынын м.а Эрмек Мамыркалиев темир жол маселесин терең изилдеп, талдоо боюнча иш-пландар бар экенин жооптоду.

 

Фракцияда аталган министрликке кийинки сын депутат Алтынбек Жунус уулу тарабынан айтылды. Анын пикиринде, эч кандай ашуу-бели, чоң көпүрөлөрү жок Бишкек – Кара-Балта жолунун 1 километри дээрлик 2 миллион АКШ долларына бааланып жатат. “Эң бай өлкөлөрдө да мындай баа жок. Акыры бул каражаттар бекер эмес да, келечекте балдарыбызга, неберелерибизге насыяларды карызга калтырып жатабыз”,- дейт депутат.

 

“Каржы министрлиги каражаттарды толук кандуу берип жатса, министрлик алдына койгон иш-планына чыга албай жатса, демек, министрликтин ишинде коррупция бар деген бүтүм чыгарса болот”,- дейт депутат Абылкайыр Узакбаев.

 

Талкууда мындан сырткары, авиация тармагындагы көйгөйлөр, ички авиа каттамдарды ачуу маселелери, министрликтеги кадр саясаты, Ысык-Көлдү айланта салынчу шакекче жол, жолдордун бузулуш себептери сындуу бир катар көйгөйлүү маселелер айтылды.

 

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө отчетунун алкагында Транспорт жана жолдор министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылды.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно