Өткөн аптада Жалал-Абад шаарында шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Брояга” аталышындагы рейд өткөрүлүп, кароосуз калган өспүрүмдөр менен кайырчыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган маалыматты облустук милициянын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана жаш балдар менен үй-бүлөнү коргоо бөлүмдөрү биргеликте атайын рейд жүргүзүшкөн.
“Жаш өспүрүмдөр менен мектеп окуучулары эмне менен алектенип жатышканын аныктоо максатында атайын рейд жүргүзүлүүнүн натыйжасында алар эмне себептен мектепке барбай жатышканы аныкталып, ата-энелеринен түшүнүк каттар алынды”,- деп жаза ОИИБдин маалымат кызматы.
Алар кошумчалагандай ошол эле рейддин алкагында кайырчылык менен алектенген жарандарга да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, каттоого алынып, өз үйлөрүнө жиберилген.
Эске салсак, шаардагы кайырчылардын басымдуу бөлүгү Ош жана Баткен облустарынан келишерин ОИИБ буга чейин маалымдаган.
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Взгляд”