
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга Самаркандек айыл өкмөтү өзгөчө көңүл буруп, бир топ алгылыктуу иштерди жасап жаткандыгы маалым. Алар туурасында Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы О. Насыров төмөнкүлөргө токтолду.
- "Быйылкы 1-2-кварталда айыл өкмөт тарабынан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата шарт түзүү жана көмөктөшүү максатында бир топ иштер аткарылды. Алгач эле айта кетүүчү нерсе айыл өкмөттүн кеңсесине пандус орнотулган. Айыл өкмөттүн аймагында 53 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки жарандар. Алардын көпчүлүгү мектепке барышат. Самаркандек айылындагы "Үмүт” калыбына келтирүү борборунда 15 бала тарбияланып жатат. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата 100 жаранга 30миң сомдук белектер берилди. Ошондой эле мүмкүнчүлү- гү чектелген С.Алимовага коляска алынып берилди. Мындан тышкары айыл өкмөттүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси МСЭКтен өтүү боюнча бир канча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө. Айыл тургуну жеке ишкер Матисаев Акылбек "Үмүт” калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларына 200 миң сом акча каражатынан жардам берди. Аталган борборго айыл тургундары, жеке ишкерлер тарабынан да бир топ жардамдар көрсөтүлүп келет. 10 бала Ысык-Көл облусуна эс алууга жөнөтүлдү”. "Жыл сайын бизде тарбиялануучу 10 бала ата-энелери менен Ысык-Көлгө барып эс алып келишет. Быйылкы жылы да эс алып келишти. Алардын жатагы, тамак-ашы Жети-Өгүз районундагы калыбына келтирүүчү борбор тарабынан каржыланып, жол акылары балдар өздөрү төлөп келген. Быйылкы жылкы жол акылары Самаркандек айылындагы жеке ишкери А.Матисаев тарабынын каржыланып берилди”, - дейт "Үмүт” калыбына келтирүүчү борборунун жетекчиси Чолпон Каработоева.