Өткөн аптада Сузак районунун Кара-Дарыя айылында суу каптоо болуп, 6 гектар аянттагы жаңы баш байлаган гүрүчтү жараксыз абалга кептеди.

Маалыматка караганда, суунун көлөмү көбөйгөндөн улам жээктерди суу жеп, жалпы аянтты суу каптап кеткен.
“Гүрүчтөрүбүз баш байлап, 10-15-күндө жыйнайбыз, деп тур-анда бул кырсыктын келгени бизди чоң зыянга учуратты. Негизи биз гүрүч эгип күн кечиребиз”,-дешет жергиликтүүлөр.
“Гүрүчтөрүбүз баш байлап, 10-15-күндө жыйнайбыз, деп тур-анда бул кырсыктын келгени бизди чоң зыянга учуратты. Негизи биз гүрүч эгип күн кечиребиз”,-дешет жергиликтүүлөр.
Тосмону бекемдеп алганча Өзбекстан тараптан суунун көлөмүн азайтып туруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ӨКМ кызматкерлери билдирди. Ал үчүн эки оор техника тартылып ушул тапта ӨКМ кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар биргеликте иш алып барып жатышат.
Белгилей кетсек, аталган аймакта буга чейин да суу каптоолор болуп турган. Бирок эгин бышкан маалдагы суу каптоо алгачкы жолу катталган.
Белгилей кетсек, аталган аймакта буга чейин да суу каптоолор болуп турган. Бирок эгин бышкан маалдагы суу каптоо алгачкы жолу катталган.