КСДПК парламенттик фракциясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, А.Алтыбаева, М.Жеенчороев, У.Кыдыралиев, Д.Джумабеков, Т.Исакунова, М.Бакиров, Жунус уулу Алтынбек, А.Акматов, А.Шыкмаматов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кеңири талкуулоо максатында, 2017-жылдын 2-майында саат 14:00дө Жогорку Кеңештин жыйындар залында парламенттик угууларды өткөрөрүн маалымдайт.
Ошол себептен, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн, жарандарды жана алардын бирикмелерин, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн аталган иш- чарага катышуу үчүн чакырабыз.
Уюштуруу жана парламенттик угууга катышуу маселелери боюнча (0 312) 63-92-13 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.