Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын насыялык карызын жоюуга багытталган РФ алдындагы КР карызын жөнгө салуу тууралуу РФ Өкмөтү менен КР Өкмөтүнүн ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрындагы Макулдашууга карата протоколго макулдугун берди.
Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Орусия Кыргызстандын 240 млн доллар көлөмүндөгү насыялык карызын кечүү алдында турганын билдирди. «Алар адегенде 188 млн доллар карызды жойгон, калган карыз 2025-жылга чейин жоюлмак. Биз дароо эле баардык карызды жоюу сунушун берсек, Орусия тарап макул болду. Ошондон улам, азыр жөнүндөгү протокол кайра каралууда», - дейт ал.
Депутат Кыргызстан 488 млн доллар карызды качан жана кандай шартта алганына кызыкты.
Каржы министрлигинин өкүлүнүн айтымында, карыз эки бөлүктөн туруп, 188 млн доллар мурда алынганын, калган 300 млн доллар карызды жылына 30 млн доллардан жоюп туруу макулдашылганын билдирип, ал 2016-жылы мамлекеттик карыз катары тейлөөдөн чыгарылып салынганын кошумчалады.
Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев бул карыз жоюлгандан кийин Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнө карата башкача катышта болорун эске салды.
Булак: http://www.kenesh.kg