Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:32
КР ТИМ башчысы австриялык дипломат Мартин Сайдик менен жолугушту
12:16
Акылбек Жапаров япон ишкерлери менен тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
12:15
Бишкекте өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык мелдештин байге фонду 40 миң долларды түзөт
21:07
Саламаттык сактоо министри баштаган КР делегациясы Санкт-Петербургда форумга катышууда
21:05
Doha Cup U-23: Кыргызстандык футболчулар Кувейттин командасына бир голго жеңилип калды
20:54
"Рамазан айы – береке жааган, кут төгүлгөн ай". Муфтий кыргызстандыктарды куттуктады
12:22
Ооганстандагы жер силкинүүнүн күчү Кыргызстанда да сезилди
16:05
Германияда кыргыз диаспорасы Ноорузду белгилешти
19:10
Анталияда Айтматов атындагы китепкана ачылды
11:43
Венгрияда ТҮРКСОЙдун сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды
11:38
CAFA U-17. Кыргызстандык футболчу кыздар коло байге утту
10:11
Беларусь спорттук медицина тармагында тажрыйба алмашууда кыргызстандык адистерди чакырууга даяр
10:09
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
13:40
Парламентте Орусияда бир үйдөн энеси менен кызы маңзат менен кармалганы айтылды
13:37
Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат
18:33
Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады
18:30
Ысык-Көлдө көлдү таштандылардан тазалоо иштери башталды
16:04
Акылбек Жапаров Өзбекстандагы этникалык кыргыздарга жолукту
16:01
Түркияга жардам эсебине 100 млн. сомдон ашык каражат чогулду
22:03
Кыргызстандыктардын Түркияда визасыз жүрүү режимин узартуу маселеси талкууланды
16:25
Кыргызстан жана Кувейт маалымат чөйрөсүндө тажрыйба алмашат
16:23
Түркияга жардам. Кыргызстандыктар дээрлик 99 млн сом чогултушту
16:22
Азия-Тынч океан сурдочемпионаты: Кыргыз балбандары төрт медаль жеңди
21:49
Аялдардын эл аралык күнү — сандар жана фактылар
21:28
Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жолугушуу өтөт
23:26
Рейтингдик мелдеш: Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты
20:35
Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза маселеси боюнча маалымат берилди
10:45
Кыргызстанга кирген товардын көбү Орусияга жана Беларуска кетип жатканы айтылды
08:22
Эрназар Акматалиев Египеттеги эл аралык мелдеште алтын медаль утту
08:07
Түрк элчиси зилзаладан улам жардам чогултуу уланып жатканын билдирди
11:47
Балбан Акылбек Талантбеков эл аралык мелдеште күмүш медаль жеңди
11:40
Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтык боюнча депутаттардын достук топторунун жетекчилери жолугушту
11:40
Чет өлкөлүк 9 жаран Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган
11:31
Москвада айлык талап кылган мигранттар митингге чыгышты
11:29
Москвадагы жапырт мушташка аралашкан эки кыргызстандык жоопко тартылды
00:37
Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча курамасы Дубайдагы Гран-приге катышат
00:33
Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы маданий кызматташтык талкууланды
14:29
УКМК: Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды
01:31
Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча курамасы Дүйнө кубогуна катышат
01:11
Ооган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлер эскерилүүдө
01:57
ЖККУнун Армения баш тарткан машыгуусу Кыргызстанда өтөт
04:50
Будапештте Кыргызстан менен Венгриянын президенттери расмий жолукту
04:48
Азия чемпионаты: Жөө күлүк Айнуска Калил кызы Кыргызстандын рекордун жаңылады
04:44
Түркияга жардам. Кыргызстандыктар дээрлик 5 млн сом чогултушту
04:42
Министрлер кабинетинин төрагасы Дубайга иш сапары менен келди
Бардык кабарлар

Депутаттар «КР Коопсуздук кеңеши жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоорун сунуштады

Жаңылыктар / Жалал-Абад жаңылыктары
884
0

Депутаттар «КР Коопсуздук кеңеши жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоорун сунуштады

 

Жогорку Кеӊеште Коопсуздук кеӊешинин ишин жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар И.Өмүркулов, Ө.Бабанов, А.Карашев, А.Баатырбеков, М.Жеенчороев, К.Керезбеков.

 

Депутат Канат Керезбековдун айтымында, Коопсуздук кеңеши мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү ишке ашырган конституциялык кеңешүүчү орган болушу керек. “Конституциялык реформага ылайык, Коргоо кеңешин Коопсуздук кеңеши деп кайра түзүү каралды”, - дейт ал.

 

Теориялык жана практикалык жагынан алганда, “улуттук коопсуздук” деген түшүнүк кыйла кеңири болуп саналат жана өлкөнү куралдуу коргоо маселелерин гана эмес, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин жашап турушунун ар түрдүү чөйрөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу маселесин да өзүнө камтыйт. Ошондон улам, ушул мыйзам долбоору иштелип чыкты.

 

Ошону менен бирге, Коопсуздук кеңешинин курамын, түзүмүн жана уюштуруу тартибин кайра карап чыгуу сунуш кылынууда. Айтсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Коопсуздук кеңешинин курамына кызматы боюнча Төрага, коргоо жана коопсуздук маселелерин тейлеген комитеттин төрагасы, ошондой эле парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери жана саны боюнча мүчөлөрү көп оппозициялык фракциянын лидери кирет.

 

Коопсуздук кеңешинин ыкчам чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди талкуулай турган кезексиз жыйыны төраганын жетекчилиги алдында өтүп, Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы, ошондой эле тышкы иштер, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздукту камсыз кылчу мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

 

Депутат Алмазбек Токторов мыйзам долбоорунда Коопсуздук кеӊешинин курамы өзгөрүп жатканын белгилеп, мында ага парламенттик фракциялардын башчылары толугу менен кирсе, азыр көпүчүлүк коалициясынын жана оппозициялык фракциянын башчысы киргизилип калганынын себебин сурады. Баяндамачы бул азырынча демилгечилер тобунун сунушу гана экенин, ал экинчи окуу жүрүшүндө депутаттардын сунушу менен өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди.

 

Ал эми депутат Акылбек Жапаров Коопсуздук кеӊешинин курамына баардык парламенттик фракциялардын лидерлерин киргизүү, анын курамына кире турган орган жетекчилеринин ээлеген кызмат ордун мыйзамда так жазуу зарылдыгын баса белгиледи. Демилгечилер бул сунушту ойлонуп көрүүгө убада берди.

 

Белгилей кетсек, ушу тапта Жогорку Кеӊеште азыр иштеп жаткан Коргоо кеӊешинин аталышын Коопсуздук кеӊешине алмыштуруу боюнча мыйзам долбоору каралууда.

 

Булак: http://www.kenesh.kg/

скачать dle 11.0фильмы бесплатно