Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматы боюнча Камилов менен Бердымухамедов «Борбор Азия + Жапония» диалогуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин алтынчы кеңешмесинин алкагында жолукту.
Анда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин мартта Түркмөнстанга болгон сапары маалында жетишилген макулдашуулардын негизинде эки тараптуу алакаларды өнүктүрүү маселеси талкууланды.
Эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу макулдашууда мамлекеттердин 2018-2020-жылдар аралыгындагы экономикалык кызматташтыгы тууралуу айтылат.