Италиялык «Ювентус» жана франциялык «Монако» командалары Европанын чемпиондор лигасынын алкагында алгачкы жарым финалдык беттешин өткөрүштү. Анын жыйынтыгы УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды.
«Монакого» конокко барган «Ювентус» 2:0 эсеби менен жеңишке жетти. Эки голду тең аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин киргизди.
Эми жооптук беттеш 9-майда өтөт.
Шаршембиде ошондой эле Европа лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну дагы болду.
Анда Амстердамдын "Аякс" командасы өз талаасында франциялык "Лионду" 4:1 эсебинде утту.
Бул жуптун ортосундагы жооптук беттеш 11-майда өтөт.
Европа лигасынын жарым финалынын алкагында бүгүн испаниялык "Сельта" жана англиялык "Манчестер Юнайтед" командалары беттешет.