Кыргызстандан чыккан жөнөкөй программист бала кантип дүйнөдөгү ири корпорациялардын бирине жумушка орношуп, алардын атынан бир нече мамлекеттин өкүлү болуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.
Акылбек Айдаралиев бир нече жыл Microsoft компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп иштеген. Бүгүнкү күндө ал маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы ИКТ долбоорлор бөлүмүн жетектейт.
— Алгач эле элдин баарын кызыктырган суроону берейин. Microsoft компаниясында кандайча иштеп калдыңыз?
— Мен бир нече жыл Microsoft компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп иштеп жүрдүм. Бул жерде көбүнчө командалык жумуш талап кылынат. Ал эми команда ичинде өзүңдүн жумушуңду жакшы билип, берилип иштеп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтсөң баалуу адис болосуң.
Аталган компанияга киргенге чейин мен мамлекеттик кызматтарда иштеп, кээде Microsoft компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп калчумун. Көрсө мен аларга жагып калыптырмын. Бош орун болоору менен мени чакырышкан. Ошентип компаниянын Кыргызстан менен Тажикстандагы өкүлү болуп үч жылдай иштеп калдым.
Программист Акылбек Айдаралиев: мен бир нече жыл Microsoft компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп иштеп жүрдүм. Бул жерде көбүнчө командалык жумуш талап кылынат. Ал эми команда ичинде өзүңдүн жумушуңду жакшы билип, берилип иштеп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтсөң баалуу адис болосуң
— Көпчүлүгү Кыргызстанда Microsoft компаниясынын расмий өкүлчүлүгү бар экенин биле бербесе керек. Өз өлкөңүздө кандай жетишкендиктерге жеттиңиз?
— Бизде Кытайдыкындай мүмкүнчүлүк жок болсо да жасаган иштерибиздин артында жылыш болду. Эки IT-академия ачтык. Алардын бири Ага-Хан университетинин базасында турса, экинчиси маалымат технологиясынын улуттук борбору. Кыргызстанда Microsoft компаниясынын филиалы азыркыга чейин иштейт. Ар жылы компаниянын атынан конференция уюштуруп, ага мамлекеттик секторду жана ишкерлер чөйрөсүн чакырып турчубуз. Microsoft менен иштеше турган өнөктөштөрдү көбөйттүк. Алсак, мен бул жакка жаңы киргенде 10 компания менен өнөктөш болсок, азыр алардын саны 50гө жетти. Microsoft компаниясынын стандарттарын алып өзүбүздүн продукцияны иштеп көрүп, жыйынтыгында мамлекеттик ишканалар үчүн "Бирдиктүү терезе" долбоорун жасадык.
Программист Акылбек Айдаралиев: Microsoft менен иштеше турган өнөктөштөрдү көбөйттүк. Алсак, мен бул жакка жаңы киргенде 10 компания менен өнөктөш болсок, азыр алардын саны 50гө жетти
— Microsoft сыяктуу дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлчүлүктөрүн Кыргызстанга ачууну пландабай элесиздерби?
— Учурда Google, Microsоft, Ali-Baba сыяктуу ири компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал тургай өлкөбүзгө атайын делегациялар дагы келип кеткен. Ушул сыяктуу чоң иштер дароо эле биз ойлогондой чечилип, ишке ашып кетпейт экен. Эгер сүйлөшүүлөр оңунан чыгып ишке ашып калса, өлкөдө көп нерсе өзгөрүлөт. Алсак, инвестиция жана жаңы кызмат орундары пайда болот. Бул жакта борборлору ачылса, алгач өздөрүнүн сырттан келген адистери иштесе, кийинчерээк биздин жарандар отуруп калат.
— Билишибизче кызматыңызды алмаштырыпсыз. Учурда эмне менен алектенип жатасыз?
— Азыр мен маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы ИКТ долбоорлор бөлүмүн жетектейм.
Программист Акылбек Айдаралиев: бүгүнкү күндө кардарлардын кызыкчылыгы менен эсептешип, көбүрөөк кызмат көрсөтүп, азыраак акча алган система жок болуп жатат. Мамлекеттик секторлордон биз төлөп жаткан акча кайда кетип жатканын билип туруу үчүн атайын аянтча түзүү маанилүү болуп турат
— Бүгүнкү күндө электрондук өкмөт программасынын айланасында ар түрдүү сөздөр козголуп жатат. Кардарларга онлайн түрүндө кандай кызматтар көрсөтүлөт?
— Учурда ИИМ, Жол кайгуул жана Мамлекеттик каттоо кызматтарынын системаларынын үстүнөн иштеп жатабыз. Алсак, сиз онлайн түрүндө соттолбогондугуңуз тууралуу справка алууга, паспорт алмаштырып же алам десеңиз ага онлайн түрүндө документ тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары, жакындан бери балдар бакчасына электрондук кезекке туруу долбоору иштей баштады.
Бүгүнкү күндө кардарлардын кызыкчылыгы менен эсептешип, көбүрөөк кызмат көрсөтүп, азыраак акча алган система жок болуп жатат. Мамлекеттик секторлордон биз төлөп жаткан акча кайда кетип жатканын билип туруу үчүн атайын аянтча түзүү маанилүү болуп турат.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20170501/1033170640/microsoft-kompaniyasyn-bashkargan-kyrgyz-myrzasynyn-taasirlentken-okuyasy.html