Бүгүн:

Акыркы кабарлар

04:39
"Кумтөр" Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүүгө 1,4 млдр сом бөлөт
05:18
Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип машина чыгарууну пландоодо
03:27
Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду
03:21
Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдарынын жолугушуусу болду
03:04
Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер төрт күнгө жабылат. Себеби
02:40
Орусияда мекендештерин тоногон төрт кыргызстандык кармалды
23:25
Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын туристтик компанияларынын бизнес-форуму өтөт
23:24
Кыргызстандыктардын Болгарияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү каралууда
23:23
Россияда окуган кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу системасына кирүү укугуна ээ болот
23:20
Кыргызстанда англис тили мугалимдери үчүн сынак жарыяланды
23:16
Москвада оор кырдаалга кабылган кыргызстандыктар мейманканада бекер жашай алышат
23:12
БУУ: Миграциядан улам кылымдын аягында тилдердин көбү жоголушу ыктымал
19:42
Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 25 ишкананын ишке киришин каржылоону пландоодо
19:36
2022-жылдын жыйынтыгы: Инфляция 14,7% түздү
19:34
Сасык тумоо соңку аптага салыштырганда көбүрөөк катталды
14:40
Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны кармалды
13:34
Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиарддан ашуун доллар которулду
12:12
Арзан көмүр элге паспорт менен сатылат
07:57
Кыргызстанда бир суткада КРВИ менен сасык тумоонун 507 учуру катталды
05:02
Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды
04:56
"Камбар-Ата-1": үч өлкө макулдашууга кол койду
04:51
Изилдөө: 2100-жылы мөңгүлөрдүн 68% жоголушу мүмкүн
05:30
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалы жогору
07:18
Президент Жапаров чек ара маселесин чечүүнү убада кылды
07:13
Күрөш дүйнөсү уюму Жоламан Шаршенбековду мыкты балбан деп тапты
07:12
ТИМ Кытайга баруу эрежелери жөнүндө маалымат таратты
04:53
Кыргызстандагы CASA-1000 долбоору аркылуу 1243 электр тирөөч курулат
04:39
Футбол легендасы Пеле дүйнөдөн кайтты
03:56
Ошто кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү
03:55
Жаңы жыл майрамында өлкөдө 12 миңден ашуун милиция коопсуздукту камсыздайт
03:51
Кыргызстандык волейболчулар зоналык Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
03:51
Кыргызстандык волейболчулар зоналык Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
03:14
Өзбекстанда "Док-1 Макс"дарысынан уулуу зат табылды
05:43
Баткенде кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту
10:34
2022-жылдын башынан бери ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү $1,3 трлн түздү
10:30
Азия чемпионаты: Кыргызстандык волейболчулар Шри-Ланканы утуп алды
10:29
Элчи Кадыркулов Украинанын ТИМ башчысынын биринчи орун басары менен жолукту
10:27
Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШда өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи
06:26
Кыргызстандык балбандар таяк тартыш боюнча АКШда өткөн мелдеште 5 медаль жеңди
06:25
Жөө күлүк Самат Казакбаев Казакстандагы эл аралык мелдеште күмүш медаль багындырды
03:47
Кыргызстандын футзал боюнча курамасы дүйнөлүк рейтингде 44-орунга жайгашты
02:14
Садыр Жапаров Катардагы дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине барды
22:38
Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо башталат
05:15
Кыргызстандык окуучу Бакудагы эл аралык олимпиадада күмүш медаль утту
05:14
Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча дүйнө чемпонатында кичи коло медалга ээ болду
Бардык кабарлар

Microsoft жана Google компанияларында күч сынаган Акжол

Жаңылыктар / Кыргызстан
1 136
0

Дүйнөдөгү эң ири IT компанияларда иштеген кыргызстандык Акжол Абдухалиев. Архив

 

Дүйнөдөгү эң ири IT компанияларда иштеген кыргызстандык Акжол Абдухалиев топтогон тажрыйбасы, келечекте суроо-талап көп боло турчу кесип тууралуу өз оюн ортого салды.

Учурда Google компаниясында алдыңкы программист-инженер болуп иштеп жүргөн Акжол Абдухалиевди Sputnik кепке тартып, дүйнөлүк гигант IT компанияларында топтогон тажрыйбалары, келечекке болгон пландары тууралуу кеп учугун улады. Ал Microsoft компаниясында төрт жылга жакын иштесе, Google компаниясына келгенине бир жырам жылдын жүзү болду. Учурда компаниянын жогорку ылдамдыктагы интернет жана сапаттуу санарип берүүлөрдү жайылтуучу Google Fiber бөлүмүндө иштейт.

 

— Эки гигант компаниянын айырмачылыктарын байкай алдыңызбы?

 

— Эки компанияда тең эле инженер-програмисттерге болгон мамиле бирдей эле. Ар кимге өз алдынчалык берилген. Ар ким өзүнүн долбоорлорун тандап, жумушка качан келет, качан кетет өзү пландайт. Жумушчуларга түзүлгөн шарт эки компанияда тең бирдей. Ошол эле учурда компаниянын ичиндеги маданиятта айырма бар. Microsoft компаниясында бизнес жаатында жүргөн кишилерге басым жасалат. Кандай иштер жасалышы керектигин дал ушул кишилер анализдеп чыгып сунуштап, эмне жасалышы керектигин айтат. Ошого жараша жыйынтык чыгат. Башкача айтканда кандай программа жазылыш керектигин бизнес жаатында жүргөн кишилер айтып башкарат. 

IT специалист Акжол Абдухалиев с дочерью на фоне здания корпорации Google

Google компаниясында бир долбоорду баштан аяк инженерлер карап, эмне жасалышы керектигин, кайсы убакка жана кимге жасалышы керектигин инженерлер чечет экен.

Google компаниясында бир долбоорду баштан аяк инженерлер карап, эмне жасалышы керектигин, кайсы убакка жана кимге жасалышы керектигин инженерлер чечет экен. Эки компаниянын башкы айырмасы долбоорлорду кимге тапшырат, акыркы сөз кимдин колунда деген жагынан айырмаланат экен.

— Биринчи жумушуңуз тууралуу сурагым келип жатат, Microsoft компаниясында канча жыл иштедиңиз? Ал жакта жүргөндө кандай идеялар пайда болду?

 

— Microsoft компаниясында төрт жылга жакын иштедим. Дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген таланттуу адамдар менен бирге иштеп инженерия боюнча көп нерселерди үйрөндүм. Ошол эле учурда топтогон тажрыйбамдын Кыргызстанга кандай жардамы тиет деп да ойлондум. Ошентип, бизде да таланттуу инженерлерди көбөйтүү керек экен деген ой жаралды. Жакында бир кыргызстандык бала Google компаниясына баарлашууга келгени жатат. Ага мен билген нерселеримди айтып, колуман келишинче жардамды берип атам. Негизи эле Кыргызстанга кереги тийе турган жаңы инженерлерди тарбиялашыбыз керек. Аларды дүйнөлүк ири компанияларга орноштуруп тажрыйба топтоосуна шарт түзсөк жашы болмок. Ошондой эле, китептерди көп окуп, өзүн жакшы өнүктүрүүсү керек.

IT специалист Акжол Абдухалиев в здании Microsoft.

Microsoft компаниясында төрт жылга жакын иштедим. Дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген таланттуу адамдар менен бирге иштеп инженерия боюнча көп нерселерди үйрөндүм.

— Китеп деп калдыңыз, келечекте китеп окуунун актуалдуулугу жоголот деп ойлобойсузбу? Негизи эле китепке болгон мамилеңиз кандай?

— Китепти көп окуйм. Башкаларга да окугула деп кеңеш айтат элем. Интернеттен үйрөнүп, билим алган башка нерсе. Алар китептин ордун алмаштыра албайт. Компьютерде отурганда көз чарчайт. Ал эми китеп окуу көздү сергитет десем да болот.

 

— Бүгүнкү күнү Google компаниясында башка да кыргыз кыз-жигиттер иштеп жүргөнү маалым. Жолугуп турасыңарбы?

 

— Google компаниясында чындыгында канча кыргыз бар экенин так билбейм. Европадагы офисте, Австралиядагы офисте бирден кыргыз бар деп угам. Америкада Тилек Мамытовду тааныйм. Андан башка бир кыргыз кыз жана жигит бар. Негизинен беш-алтоо деп айтсам жаңылышпайм. Убакыттын тардыгынан тааныгандарым менен көп чогула албайбыз. Буга чейин бир жолу жолуктук. Буюрса эми бат-баттан чогулуп, пикир алышып турсакпы деген ой бар.

IT специалист Акжол Абдухалиев с родственниками во время отдыха

Акжол туугандары менен

— Албетте, сырттан караган кишиге мындай чоң компанияларга жумушка орношуу оор деп сезилет. Сиздин кайсы сапатыңыздан улам Google тандап алды деп ойлойсуз?

— Ушул суроону мага аябай көп беришет. Азыр мен инженер болгондуктан компанияга жаңы кызматкерлерди алууда кимдер өтөт, кимдер өтпөйт деп баарлашам (интервью — ред.). Мисалы, инженер болуу үчүн кандай сапаттар керек экенин билем. Биринчиден адамдын аналитикалык ой жүгүртүүсү мыкты болуп, берилген суроолорго жооп бериши керек. Атайын кыйын суроолор суралат. 45 мүнөт баарлашам, ушул убакыт ичинде көбү эле суроолордун барына жооп берип үлгүрбөйт. Бир суроого акырына чейин жооп бере албай калса дароо көңүлү чөгүп, кийинки баарлашууларда толкунданып, жакшы жооп бере албай калышат. Баарлашууда басым суроого акырына чейин жооп берүүгө эмес, кишинин ой-жүгүртүүсүнө жасалат. Негизинен буга чейин туш болбогон жана жаңы ортого чыккан көйгөйдү чечүүгө болгон аракеттерге көңүл бурулат.

— Ой жүгүртүү демекчи, жакынкы келечекте кайсы кесипке болгон суроо-талап көп болот деп ойлойсуз?

 

— Албетте мен программа жазуу деп айтат элем. Азыр кайсы гана сектор болбосун бардыгы автоматташтырылып, аларга карата программалар жазылууда. Такси кызматы, медицина жана билим берүү тармагында атайын программалар талап кылынат. Ошон үчүн кийинчерек саясатчы болгон киши деле программа жазууну билиши керек деп ойлойм. Окуп-жазганды билип кат сабаты жоюлган сыяктуу эле, программа жазуу деле кийин сабаттуулуктун бир критерийи болуп калат. Андыктан алдыдагы 20-30 жылдан кийин программа жазуу абдан керектүү кесип болот. Кимдир бирөө кесибин өзгөртөм десе, программа жазууну тандагыла деп кеңеш берет элем. Себеби, Кыргызстандын сыртында, деги эле дүйнөнүн чар тарабынан жумуш табууга болот. Бирок, бир жаман жери программа жазуу бардык эле адамдын табитине туура келбейт. Ал үчүн математика сыяктуу так илимдерди жакшы көргөн, бир эсепти чыгаруу үчүн он сааттан ашык убакыт коротуп отура берген адамдар үчүн абдан ыңгайлуу кесип. Программа жазуунун бир жакшы жери АКШдагы бир компания үчүн программа жазсаң сөзсүз түрдө сенин АКШда болушуң кажет эмес.

— Сырттан көз салган кишиге жакшы байкалат эмеспи, Кыргызстанда IT технологиясынын өнүгүшүнө эмне тоскоол болуп жатат деп ойлойсуз?

— Эгер кимдир бирөө компания ачам десе, кыргызстанда таланттуу кыз-жигиттер абдан көп. Бирок, Кыргызстанда бизнес кылуу башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйын болгондуктан сырт жактан келген IT компаниялар аз, балким дээрлик жок. Бизнес ачууда чындыгында жакшы шарт түзүп берсе, ишкерлер көбөймөк. Бизде бир-эки компания ачылса алар өзүнчө эко-система болуп калат эле. Таланттуу инженер-программисттер бир жерде чогулуп, студенттер инженерияда көп окуп баштамак. Азыр Бишкекте стартапп да жакшы өнүгүп жатат. Бул да болсо студенттердин идеяларын колдоп алардын өнүгүшүн шарттайт.

Бирок, Кыргызстанда эң чоң көйгөйлөрдүн бири бул – менчикке болгон сый урматтын башка мамлекеттерге салыштырганда төмөн болушу. Акыркы жылдары өлкөдө болгон окуялардан жеке менчик ээлери абдан зыян тартты. Сырт жактан келе турчу компаниялар ушундан чочулайт.

 

— Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

Акжол Абдухалиев с семьей во время празднование Нового года

Бул жакта такыр башка. Балага ата-энеси 24 саат бою көңүл буруп турушу керек. Ошондуктан үй-бүлөгө да көп убакыт бөлөм. Сезим, Назик деген эки кызым бар.

— Убактымды азыр өз алдынча долбоордун үстүнөн иштөө менен өткөрүп жатам. Андан сырткары үй-бүлөм менен өткөрөм. Бул жакта үй-бүлөгө көңүл буруш да башкача. Бизде Кыргызстанда балдарды туугандар келип карашып, же шашып бир жакка барсаң кошунаныкына таштап койсоң болот. Бул жакта такыр башка. Балага ата-энеси 24 саат бою көңүл буруп турушу керек. Ошондуктан үй-бүлөгө да көп убакыт бөлөм. Сезим, Назик деген эки кызым бар. 

Дагы: https://sputnik.kg/society/20151202/1020568711.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно