Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:35
КР — РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды
12:32
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды
12:30
Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
15:28
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн
15:21
Оренбургга 3200дөй кыргызстандык чогулуп калды. Казакстан жооп бере элек
15:20
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
15:12
Кыргызстан Россиядан кызылчага каршы вакцина алат
15:09
Күз — айлыкты көтөртүүгө эң сонун учур. Адис себебин айтты
14:52
Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты
14:39
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
13:30
Паспорт, күбөлүк, транспорт боюнча кеңеш берген атайын номерлер ишке кирди
13:28
Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды
13:25
Жээнбеков КР жарандыгы боюнча 4 жарлыкка кол койду
15:58
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек
13:16
БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат
12:30
ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди.
12:17
Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат
12:12
"Варламов, рахмат!" Бишкек мэриясы флешмоб уюштурду.
11:51
Улуу талант Калыйбек Тагаевдин сөөгү жерге берилди
11:49
Кар жаап салган ашуулардагы жолдор тазаланды.
10:51
65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды
15:41
Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды
15:18
Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду
15:17
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
15:07
Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат
12:14
Бюджеттик негиздеги окууга канча этникалык кыргыз өткөнү айтылды
12:07
Бийлик уруксат берген. Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуда
11:17
Шайлоо бюллетендерин кайсы ишкана басып чыгарары белгилүү болду
11:16
Мурдагы министр Чолпонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу эмне белгилүү
11:15
Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды
11:13
Адис: коронавирусту кайталап жуктургандар жокко эсе болуп чыкты
11:09
Экинчи толкунга даярдыкпы? Бийлик дарынын 65 түрүн камдай баштады
10:58
Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке бара башташы мүмкүн
10:12
Боронов жаңы ооруканалардын курулушунан шек санап, өзү көзөмөлдөмөй болду
10:10
Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина алып келинди
09:57
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы каттам 20-сентябрда жанданат
09:54
Түндө Алайда жер титиреди
09:53
Кыргызстандыктарга КРВИ менен сасык тумоону алдын алууну айтып беришти
16:21
Жети-Өгүздүн мурунку акими "Кыргыз почтасын" жетектемей болду
16:05
Санитардык норманы сактабаган кафе-ресторандарга эми кылмыш иши козголот
09:56
«Бейиш дарагы»: Дайыма суу чыгып турган нымдуу жерди анжир багына айландырган сузактык багбан
13:52
Ысык-Көлдө трассаны суу жырып, жарактан чыгарды.
13:51
Президент коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчага салынган мектепти көрдү
12:20
Кыргызстан дагы эки өлкө менен авиакаттамын жандантты
11:50
Жаңы чыккан 12 миң окуу китеп кайсы аймактарга бөлүндү?
Бардык кабарлар

Шри-Ланкадан келген студент кыз Кыргызстандын эмнеси жакпай калганын айтып берди

Жаңылыктар / Кыргызстан
5 316
0

Шри-Ланкалык студент Михири Мадхушанки маек учрунда

 

19 жаштагы Михири Мадхушанкиге Кыргызстан бир көргөндө эле жагыптыр. Бирок чет элдик студент кыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаевага өлкөнүн кооздугу менен бирге аны иренжиктен нерселер менен да бөлүштү.

Адатта чет өлкөлүктөр менен маектешсең Кыргызстанды мактап-жактап жатып калышат, кээде жагалдангандай да сезилип кетет. Келечекте дарыгер болом деп Бишкекке окуганы келген Михири Мадхушанки болгонун болгондой айтып берди.

 

— Кыргызстанга кандайча келип калдыңыз эле?

 

— Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарында түрк мектебин бүткөм. Ошол жактан медицина факультети жаңыдан ачылып жаткан Бишкектеги "Ала-Тоо" университети тууралуу угуп калдым.
Кыргызстан менен Доминика Республикасында окууга мүмкүнчүлүк бар эле, кайсы ммалекетти тандаарымды билбей көпкө кыйналдым. Акыры ата-энем калктын көпчүлүк бөлүгүн мусулмандар түзгөн Кыргызстанга баруумду каалашты. Анын үстүнө апам Кыргызстан тарыхы бай өлкө экенин билчү. Өзүм жалгыз эмес, үч досум болуп төртөөбүз келдик.

Студентка медицинского факультета из Шри-Ланки Михири Мадхушанки во время интервью Sputnik Кыргызстан

Шри-Ланкалык студент Михири Мадхушанки: жерге конгондо эле учактан жакшы маанай менен түштүм. Аэропорттон да аябай жылуу кабыл алышты. Бак-дарактардын көбү абдан жакты! Шри-Ланкада асман тиреген курулуштар көп, бош жер жок. Силерде кадам сайын сейил бак, парк экен!

— Алгач кандай сезимде болдуңуз?

— Жерге конгондо эле учактан жакшы маанай менен түштүм. Аэропорттон да аябай жылуу кабыл алышты. Бак-дарактардын көбү абдан жакты! Шри-Ланкада асман тиреген курулуштар көп, бош жер жок. Силерде кадам сайын сейил бак, парк экен!

 

— Же кыргызча, же орусча билбесеңиз, корккон жоксузбу?

 

— Бир аз кооптондум. Бирок түрк тилин билчүмүн, бир аз кыргызчага окшош экен. Азыр кошуналарымдын жардамы менен кичинеден өздөштүрүп келе жатам. Шумдук сүйлөп калдым дебейм, бирок дүкөнгө барып келе алам. Орус тили бир аз татаалыраак экен. Бактыга жараша, мен окуган университетте көпчүлүк англис тилинде сүйлөйт.

 

— Адатта кыргызстандыктар чет жактан келгендерди кызыгуу менен карайт. Сиз байкай алдыңызбы?

— Келген күнү эле сезилди! Троллейбуска түшсөм, элдин баары бир башкача карады. Эми бул кадыресе эле көрүнүш го, Бишкекте чет элдиктер азыраак эмеспи.

Элиңер аябай алпейим экен, бирок кээде ооз ачырган окуяларга да туш болуп калам. Бир жолу Шри-Ланка, Түркия, Сомали, Казакстандан келген студенттер менен чогуу автобуста баратканбыз. Сомалилик балдар өз ара сүйлөшүп жатышты эле, бир маалда маңдайда отурган эки киши "эй, оозуңарды жапкылачы!" деди. Түрк балдар берки студенттерге болушуп, кишилерден сылык болуусун өтүнүштү. Тигилер унчукпай калышты. Дагы бир ирет, анда да автобуста кетип баратканбыз, курбум экөөбүз эч кимге тийишпей эле сүйлөшүп баратсак, бир аял: "ай, оозуңарды жапкылачы, чарылдагыңардан башым ооруп кетти!" деди. Макул деп, унчукпай калдык. Албетте, булар аркылуу элге баа берүүгө болбойт. Тескерисинче, көп адамдар кичи пейил, боорукер, жардамга кол сунууга даяр болот экен.

 

— Шри-Ланка менен Кыргызстандын ортосундагы эң башкы айырма эмнеде экен?

 

— Тамак-ашта! Азыктарда чоң айырма бар экен. Бизде тамактын дээрлик баары ачуу болуп, жашылча-жемиш көп пайдаланылат. Кыргызстанда картошка, сабиз менен капуста гана желет экен. Негизи мен бул жакка келгичекти эт жечү эмесмин, силерде эти жок жасалган тамак табуу мүмкүн эмес экен. Тамактарды дагы абдан даамдуу жасайт экенсиңер. Тез эле көнүп кеттим.

— Кыргызстандын эмнеси аябай жакты?

— Жаратылышы! Тоо-ташта бирөөнүн ээлигине кирип кетем деп коркпой-үркпөй каалаганыңча жүрө бере алат экенсиң. Бак-дарактарды, учуп бараткан канаттууларды карап отурган кандай сонун!

 

— Жигиттерчи?

 

— Чынында бул суроого кандай жооп береримди билбейм. Анткени ата-энем аябай катуу болчу. Эч качан жалгыз калып көргөн эмесмин. Дүкөнгө да агам же апам менен барчумун. Кыргызстанда жигиттер биздикилерге караганда кичипейилдей сезилет. Кыздарга кам көрүп турушат экен. Бул, албетте, жагымдуу нерсе.

 

— Каякта жашоо кымбат? Шри-Ланкадабы же Кыргызстандабы?

— Шри-Ланкада тамак кымбат турат. Мисалы, мен Бишкекте бир күндө 200 сом менен чектеле алам. Өзгөчө Ош базарынан соода кылган жакты.

Кийим-кечени бизден алган жакшы экен. Бишкектин дүкөндөрүндө кийимдин баары окшоштой сезиле берет. Коломбодо дүкөн аябай көп, мындан улам кийим-кеченин да ар кандай түрүн табууга болот. Бирок бут кийим Кыргызстанда эки эсе арзан экен. Эгер бул жерден 5 миңге жакшы бут кийим алсаң, Шри-Ланкада 10 миңге сатып аласың.

 

— Бишкектеги кайсы окуя эсиңизде калды?

 

— Студенттердин арасында өткөн таланттар сынагына ырдап катышып, биринчи орун албадымбы! Ушундай бир эргидим дейсиз…

Студентка медицинского факультета из Шри-Ланки Михири Мадхушанки во время интервью Sputnik Кыргызстан

Шри-Ланкалык студент Михири Мадхушанки: Кыргызстанда жигиттер биздикилерге караганда кичипейилдей сезилет. Кыздарга кам көрүп турушат экен. Бул, албетте, жагымдуу нерсе

— Аба ырайычы?

— Мен үчүн абдан эле суук экен. Коломбо бул жактан бир топ жылуу болсо да көп ооручумун. Алгачкы жылы аябай кыйналдым. Кыргызстанда аба ырайы күнүгө өзгөрүп турат экен. Азыр көнүп калдым.

 

— Окууну аяктагандан кийин эмне кыласыз?

 

— Азырынча айта албайм, анткени алты жылдан кийин гана диплом алам да. Бирок сөзсүз түрдө мамлекеттик ооруканада иштейм деп турам. Ал жакка көбүнесе жакыр адамдар кайрылат эмеспи, муктаждарга жардам берүүнү алдыма максат кылып койгом.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20170506/1033237685/shrilankalyk-student-menen-maek.html

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно