Ал ошондой эле Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин билдирген.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге Өзгөн районундагы Аюу айылында адам өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Трамп ошондой эле Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин билдирген.
Белгилей кетсек, 29-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү түшүп, 24 кишини басып калган. Издөө иштери 4-майга чейин жүргүзүлүп, жалпысынан сегиз кишинин сөөгү табылган. Жергиликтүү органдардын жана каза болгондордун жакындарынын макулдугу менен издөө иштери токтотулган.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20170506/1033245342/tramp-kyrgyzstanga-konul-ajtty.html