Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

ЖАЛАЛ-АБАДДА ТАКСИСТ ЖҮРГҮНЧҮСҮН ӨЛТҮРҮП САЛДЫ

Жаңылыктар / Жалал-Абад жаңылыктары
3 523
0

ЖАЛАЛ-АБАДДА ТАКСИСТ ЖҮРГҮНЧҮСҮН ӨЛТҮРҮП САЛДЫЖалал-Абад шаарындагы белгилүү такси тейлөө кызматтарынын биринин айдоочусу өз жүргүнчүсүнүн өмүрүн кыйды. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында Сузак РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Таран-Базар айылы аркылуу өткөн Жалал-Абад-Казарман автожолунун четинде Үрүмбаш токой чарбасынын экологиялык постунан Жалал-Абад шаары тарапты карай 300 метр аралыкта белгисиз азият улутундагы аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Андан улам облустук милициянын жетекчилиги астында Жалал-Абад ОИИБнын жана Сузак РИИБнүн ыкчам-тергөө тобу тергөө жүргүзүп, аял кишинин бетинин мурун бөлүгүндө, оң көзүнүн үстүндө жана оң каптал бешене бөлүгүндө жарылган дене жаракаттары бар экендигин аныктаган.

“Табылган жансыз дененин өздүгүн аныкталып, ал 1990-жылы туулган Майлуу-Суу шаарынын тургуну А.Д. экендиги аныкталган. Ошол эле замат кылмыш иштин изин суутпай туруп кылмышка шектүү жаран кармалып, ал өз кылмышын толугу менен моюндады”,- деп жазылат маалыматта.

Кошумча билдирүүгө таянсак, бул факты боюнча кылмыш ишти моюнуна алган 27 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну окуя боюнча төмөндөгүдөй маалымат берген.

26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү такси кызматында иштеп жаткан учурумда аталган кыз шаардын борборунан мас абалда чыгып, Спутник кичи шаарчасына жеткирип коюумду өтүнгөн. Колундагы баштыгынан 1 арак, 1 желим баштыктагы сүзмө суусундук көтөрүп чыкты. Аны айткан дарегине алып барган учурумда андан ары Көк-Арт кичи шаарчасына жеткизүүмдү талап кылды. Алар өз ара сүйлөшүп, аракты автоунаада ичтик. Мастыктын арты менен жыныстык катнашта болдук.  Кийин ал атайылап провокация жаратып,  чыр чыгарды. Анан анын бетине урганымда кыз жыгылган жана кыздын башын тепкилеп башын жарып койгом. Кыз эс учун жоготкон соң “Хонда Фит” үлгүсүндөгү авто унаамдын артына салып таң аттырбай түн ичинде кылмыш ишин жашыруу максатында өлүк денени шаардын чет тарабына ээн талаага алып барып таштап коюп, качып кеттим”,- деп билдирген кылмышка шектүү.

Шектүү катары кармалган Жалал-Абад шаарынын тургуну, таксист А.И. учурда КР КЖКнын 94-беренеси менен Сузак РИИБнүн убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно