
Бул эң жакшы вариант деп айтты мамлекет башчы маалымат жыйынында. Анын сөзү боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоорго кирүүгө Казакстан даяр:
-Бул долбоор Өзбекстанга да, Казакстанга да жетиштүү өлчөмдө суу берүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Биз жакшысы – ар кандай шектенүүлөр болбошу үчүн ГЭСти Өзбекстан менен чогуу курушубуз керек.
Президент Кара-Кечеге ТЭЦ куруу да бүгүнкү күндүн иши экенин белгиледи. Анын айтуусунда, 50 жылдан кийин көмүр пайдаланууга уруксат берилбейт, тонналаган көмүрдүн пайдасы жок болуп калат.
Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну Орусия колуна алган. Бирок белгиленген мөөнөттө иш башталбаганына байланыштуу келишимди Кыргызстан тарап бир жактуу бузуп, баш тарткан. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Өзбекстан каршы чыккан.