Жалал-Абад облустук милициясында кадрдык өзгөрүү болуп, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги алмашты.
Жыл аягындагы кадрдык өзгөрүүлөрдүн негизинде Сузак районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн учурдагы башчысы, милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович дайындалды. Мындай маалыматты ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.
Ал эми алдын ала алынган маалыматтарга караганда Сузак РИИБдин ушул күнгө чейинки башчысы, Жаныбеков Нурбек Ашымович Жалал-Абад ОИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалышы күтүлүүдө.