Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:23
Facebook тармагына “Икрамжан Илмиянов камакка алынсын” делген документ тарады
10:11
Радикализмдин алдын алып... Студенттер 16 күндүк окуудан өттү
10:05
Эрежени бузбаңыз! Балыкчы шаарынын жолдоруна видео камералар орнотулду
09:37
Мектепке барып окуй албаган балдар эми үйдөн билим алат
09:26
Депутат: эл картошкасын сата албай кыйналып жатат
09:25
Анара Мамбеталиева кайра Мамэкотехинспекцияда иштемей болду
09:49
Түрк дүйнөсү тууралуу китеп чыкты
09:48
Бүгүн "Ак-Бата" жаңы конушундагы аялдарды дарыгерлер акысыз көрөт
09:45
Казакстандын Өзбекстандагы элчиси 400 миң доллар уурдаган деп айыпталууда
14:24
Жоголуп кеткен эки кыз менен бир бала Токмоктон табылды
14:19
Күн катуу сууктаса Бишкек ТЭЦи 3 күн ичинде жылуулук бере алат
14:05
Суракматов сөзүнө турду! Сабалган окуучу боюнча чоңдор жазаланды
14:04
Бишкекте фитосанитардык логистикалык борбор ачылды.
14:01
Бишкекте фонтандардын маалы бүттү
13:59
Мэрия жылуулукту качан берерин эки күндөн кийин так айтат
11:16
Кыргызстандын дагы бир учагы Москвада уча албай турат. Окуянын жоо-жайы
11:13
Бишкек — Ош жолундагы кыш. Кар менен тумандын видеосу
11:06
Көлдө чабак деп кайсы балык сатылып жатканын билбейсиңер да... Экологдун маеги
10:53
Мэр Азиз Суракматов оозу жырылгыча сабалган окуучудан кабар алды
10:21
Тигүүчү, тамада, ырчы. Өз кесибинен тыш кошумча жумушта иштеген мугалимдер
10:19
Чаткалда эски мектеп өрттөнүп, окуучулар китепсиз калды.
09:26
Бишкек тумчугуп баратат. Борбор калааны көчүрүү тууралуу 6 пикир
12:23
Милиция айдоочуларга дөңгөлөктү маалында алмаштырууну эскертти
12:21
Россия Борбор Азияга ракты дарылоо боюнча жардам берүүнү көздөйт
10:14
Бишкектеги кафенин кызматкерлерин катуу сабаган үч кишинин бирөө кармалды
10:03
Карамушкина Санкт-Петербургдагы кыргыздардын абалына кейиди
10:01
Депутат: куш тумоосу деп жатып ишкерлерге тоскоолдук жараткан жокпузбу?
10:37
Чүй облусунда үч туугандын машинасы табылып, өздөрү изделүүдө. Сүрөт
10:32
Бүгүн эл аралык кыздар күнү. Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт
10:27
Кесиптешинин кылыгын жашырган 10 милиционерге чара көрүлдү
10:22
Новопокровкада алабайдын талоонуна калган кыз башынан жаракат алды. Милиция эмне деди
09:40
Депутат: Кыргызстанда эки гана лаборатория стандартка жооп берет
09:37
Султан Жумагуловдун сөөгү жерге берилди
09:35
Чүйдүн Казакстан менен чектешкен жери боюнча үч мекеме үч башка жооп берди
09:31
Бүгүн эртең менен Алайда жер силкинди
09:27
Махабат Мавлянова: коом моралдык жактан деградация болуп жатат
09:26
КР жарандары канча өлкөгө визасыз кире алат? Паспорттор рейтинги
10:40
Астанада төрт өлкөнүн төкмөлөрү катышкан эл аралык айтыш өтөт
10:39
Эмнеге Кыргызстандан акча сыртка "агып" кетет. Адистердин жообу
10:30
Бишкектин эң начар жана эң мыкты кафе-ресторандары. Тизме
10:26
Министр боло калам деп чырга кабылып... ЖКнын "атагы чыккан" экс-депутаттары
10:18
Лунара Мамытова кызматын тапшырат
10:09
Лейлектин айылдарына кар жаады. Жеринен алынган сүрөттөр
10:03
Бишкекте кышкысын селсаяктар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылат. Даректер
09:52
Кыргызстандын ири ишканаларын ким тескейт? Таскагы катуу 8 жетекчи
Бардык кабарлар

ОШТОГУ ГРЕНЗАВОДДУ КИМ ЖЕП ТҮГӨТТҮ?

Жаңылыктар / Ош жаңылыктары
283
0

ОШТОГУ ГРЕНЗАВОДДУ КИМ ЖЕП ТҮГӨТТҮ?

Оштогу жибек куртун өндүрүүчү заводдун жерлери жана имараттары ишкананын мурдагы жумушчуларына бөлүнүп берилиши керек болчу. Бирок мурдагы жумушчулар заводдун мүлкү жең ичинен сатылып кеткенин айтышууда. Ушул тапта заводдун жерлеринин ээлери таптакыр башка адамдар. Заводдун ордуна чайхана, пластик цехтери жана башка жеке ар түрдүү коммерциялык обьектилер иштеп жатат.

 

 

“Заводдун мурдагы директору, эсепчиси жана профком үчөөсү өз ара бөлүштүрүп алышыптыр, биз билбей эле жүрө бериптирбиз. Көрсө биз кабар алганы келсек али чечиле элек деп алдап кетире беришчү экен”, -дейт мурдагы кызматкерлердин бири Саадат Шамбетова.

 

ГРЕНЗАВОДДУН ТАРЫХЫНАН

Аталган завод убагында дүйнө жүзүндөгү жибек куртун өндүрүүчү ири заводдордун бири болгон. Ишканага жалпысынан 61 гектар жер жана анын аймагындагы бир нече имараттар таандык болгон. Ишкана 1927-жылдан 2005-жылга чейин иштеген. Мында жумушчулар көпөлөктөрдүн личинкаларын өндүрүп, Ош областынын аймагындагы дыйкандарга таратып беришкен. Фермерлер личинкаларды тыт дарактарына жайгаштырып жибек курттарын өндүрүшкөн. Алынган жибек курттарынын куурчакчалары Оштогу жибектен кездеме токуучу фабрикага өткөзүлүп турган.

Завод жабылгандан кийин ишкананын
мүлктөрү менен жерлери 40 жылдап иштеген жумушчуларга бөлүнүп берилээри заводдун жамаатынын акыркы чогулушунда убадаланган. Бирок ал убадалар аткарылган эмес.

“Биз бүт жаштыгыбызды арнап иштегенбиз, бүт ден-соолугубуз кеткен ушул заводдо. Айлыгыбыз деле жакшы болгон эмес да, үйлөрүбүз жок, мен азыр деле ижарага алынган батирде турам. 40 жыл иштеп чекеде калып кеттик анан кечээги келишкен 4 шылуун жеп кетиптир баардык мүлктөрдү ”, - дейт С. Шамбетова ызалануу менен.

Учурда заводго таандык мурда ишкананын малы багылып жүргөн 5 гектарга жетпеген гана жер калган.

Заводдун мурдагы жумушчусу Адина Исмаилова, “Биз завод жабылып калса мамлекет өзүнө өткөрүп алыптыр да деп эле жүрө бериппиз, көрсө ушундай ири ишкананы үч адам эле бөлүп алышыптыр да. Бири заңгыраган үйлөрдү салса бири чайхана, вулканизация жана пластик чыгарган чакан заводдорду ачыптыр. Биз болсо 40 жылдап иштеп эч нерсеге жетпей кала бериппиз, эми ашып калган жерлерден жок дегенде участок беришсин деген талап коюп жатабыз. Бирок, бизди уккан киши жок”, - деп ыйлактоодо.

 

ЖУМУШЧУЛАРДЫН МЕНЧИККЕ КАНДАЙ АКЫСЫ БАР?

Завод 2005-жылы ишин токтотуп, «Ош жибек» кооперативи болуп түзүлөт. Ал кооперативге мурдагы жамаат толугу менен мүчө болуп катталат. Мыйзамга ылайык баардыгы мүлктөргө тең укуктуу болушат. Бирок жумушчулар менчиктештирүү мыйзамсыз жүргүзүлгөн дешүүдө. Айтымдарында эптүү бухгалтер жана заводдун мурдагы жетекчиси жумушчуларга жердин ордуна компенсация катары пай төлөнүп берилди деген ведомость түзүп, жумушчулардын ордуна жасалма кол коюп жерлерди сатып  жиберишкен.

Адина Исмаилова ведомостту көрсөтүп айтты: “Мисалы бул кагаздагы кол меники эмес, мени 600 сом алдым доом жок деп кол койду дешип жатышат мен бир тыйын алган эмесмин эч жерге кол койгон эмесмин”.

Иштин баарын бүтүргөн соң заводдун мурдагы директору Өмурзак Исмаиловдун артынан жерден куру жалак калган жумушчулар сурай баштайт. Бирок көп узабай артынан текшерүү түшкөндө Ө. Исмаилов өз короосунда асынып алат.

Жерге жетпей калышкан жумушчулардын айтуусуна караганда участокторду маркум менен табакташ болуп бирге сатып бөлүшүп жүргөн бухгалтер Нышанова жана профком Момиевдер күнөөнүн баарын маркумга оодарып коюшууда. Бирок Момиев менен Нышанова өздөрүнүн дарегине айтылган сөздөрдү четке кагышууда.

“Мен директор болбосом, эч нерсеге кол койбосом, мен профком болуп кайра элдин таламын талашсам менде эмне күнөө? Ошол директордун балдары бар ошолордон сурай беришсин”, - дейт Момиев.
Ал эми заводдун короосундагы үч кабат үй сиздики экен го деген суроого меники эмес деп жооп берди. Бирок ошол эле учурда жерлерди менчиктештирүү документтеринде Момиевдин колу турат.

Ал эми эсепчи Нышанова да мыйзамсыз аракеттерге аралашпаганын айтып чыкты. Жада калса өзүм да алданып калмакмын деп кошумчалады.

Маркум директордун ишин учурда анын мураскору катары уулу Рахим Исмаилов улантып жатканы маалым болду. Тилекке каршы аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ошондой эле нааразы тарап бул мыйзамсыз иштерге Жапалак айыл өкмөттүн башчылары жана Ош шаардык мамлекеттик каттоо кызматкерлери табакташ деген ойлорун да ортого салышты. Бирок Ош шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын мүлктөрдү каттоо бөлүмүнүн башчысы Заравшан Салиев бул маалыматтарды толугу менен төгүндөдү. “Биз өз алдыбызча каттай бербейбиз да бизге жалпы жамааттык чогулуштун протоколу менен заводдун жетекчисинин чечимин алып келишкен. Ошол кагаздар бар болсо каттап берүүгө тийишпиз. Бизди табакташ дегени туура эмес”, - дейт З.Салиев.

Ал арада мурдагы жумушчулар тергөө органдарынан пайда чыкпаганынан улам, сотко кайрылышкан. Бирок, фемида өкүлдөрү мөөнөтү өтүп кетиптир деп жооп берген. Эми алар акыйкаттык издеп Президентке жана башкы прокуратурага кат жолдошту. Азырынча жооп алыша элек.

Жанна АСКАРОВА,
Ош облусу

скачать dle 11.0фильмы бесплатно