Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүн башчысынын оперативдик иштер боюнча орун басары баңгизат менен кармалса, Сузак райондук ИИБдин башчысы ишкерлерден мыйзамсыз акча чогулткан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абадда ИИМдин баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү баңгизатын жүгүртүүгө аралашкан милиционерлерди кармоо үчүн атайын операция жүргүзүшкөн. Натыйжада эки киши кармалып, алардан 4 килограмм 754 грамм апийим табылган
Ошол эле учурда Сузак райондук ИИБдин кызматкерлери элден мыйзамсыз акча чогулткан факты катталган. Андан улам район тургундары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына райондук ИИБдин жетекчиси ар кандай шылтоо менен Сузак айылындагы базарда иштегендерден акча чогултуп жатканын айтып, арызданышкан.
"Айыпталган кызматкер ишкерлерди административдик жана кылмыш беренелери боюнча жоопко тартарын айтып коркуткан. Буга карабастан тургундар акча чогултуудан баш тартып, Жалал-Абад облустук ИИБге арыз менен кайрылышкан", — деп жазат ИИМ. .
Министрликтин кошумча маалыматына караганда, облустук ИИБдин кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысына карата дагы кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, учурда бардык материалдар Жалал-Абад прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилген.