Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

ТАШТАНДЫГА ТАШТАЛГАН ЫМЫРКАЙ

Жаңылыктар / Ош жаңылыктары
1 551
0

ТАШТАНДЫГА ТАШТАЛГАН ЫМЫРКАЙ

Ошто таштанды салган челектен ымыркайдын денеси табылып, күнөөлүүлөр суракка алынууда.

 

Ош шаарынын Н. Байтемиров көчөсүндө коюлган таштанды челегинен ымыркайдын жансыз денеси табылган. Эртеси күнү эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери наристенин 22 жаштагы энесин кармашкан. Кармалган күкүк эне баланы боюнан алдырганын, андан соң оорукананын санитаркасына жерге коюп берүүгө өтүнгөнүн маалымдаган.

22 жаштагы келин никесиз кош бойлуу болуп калгандыктан боюнан алдырганын кошумчалаган.

“Ош областтык төрөт үйүнүн санитаркасына аял аборт жасаткандан кийин 500 сом берип, наристени көмүп берүүнү суранган, ал эми санитарка убадасына турбай, таштанды таштоочу челекке ыргытып салган”,- дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

“Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, эгерде соттук медициналык экспертизада ымыркай тирүү төрөлүп, өпкөсү менен дем алган деп далилденсе, анын апасы “адам өлтүрүү” беренеси менен сот жообуна тартылат. Баланын ушундай абалда калышына себепкерлердин баардыгы каралашкан катары суракка алынат”,- деп кошумчалады Замир Сыдыков.

Ал эми Ош областтык төрөт үйүнүн жетекчиси Гүлбара Кенжебаева, наристени таштандыга ыргыткан санитарка областтык төрөт үйүндө иштебейт деп билдирди.

Айтымында ал жеке медициналык борбордо санитарка болуп эмгектенет. Аборт жасаткан келин болсо өзү эмне кылаарын билбей ошол аялга кайрылган.

“Биздин мекемеге тиешеси жок, укук коргоо органдары бериштирип жатышат, кошумча маалымат берише элек”, - деди Кенжебаева.

Гүлбара Кенжебаеванын маалыматына ылайык, негизинен биологиялык субстанциялар (адам мүчөлөрүнүн калдыктары, чарчап калган, аборттон кийинки ымыркайлардын денелери) Оштогу Беккери чуңкуруна ташталат.

“Бирок көпчүлүк учурда колу буту чыгып калган наристелердин денеси мусулманча жерге берилсин деп, туугандарына сунушталат. Алар тил кат жазып беришип, анан алып кетип жерге беришет. Кээ бир учурда албайбыз дешсе патолог-анатомдорубуз денени залалсыздандырып, хлор чачып туруп, Беккери чуңкуруна ташташат”, - дейт Кенжебаева.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жылына 50 тоннадан ашык биологиялык калдыктар чыгат. Ал эми өлкө боюнча жылына 22 миңден ашык аборт жасалат, бул расмий катталгандары, ал эми эч кимге билгизбей, жеке менчик мекемелерде, үйлөрдө жашыруун аборт жасагандар да жок эмес.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно