
БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу уюмдун жаңылыктар борбору кабарлайт.
Башкы катчы шайлоодон кийин өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо үчүн бардык саясий күчтөрдү биргелешип иштөөгө чакырды.
Пан Ги Мун БУУ Өзбекстанды мурдагыдай эле колдой турганын билдирди.
5-декабрда Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын чыгарган. Ага ылайык, Либералдык-демократиялык партиядан талапкер Шавкат Мирзиёев 88,61% добуш топтоп, жеңишке жетишкен.