Бир айдын ичинде беш аялды зордуктоого аракет жасап, коркутууга алган 19 жаштагы Сузактык жигит кармалды.
Жалгыз бой калган аялдардын үйүнө түн ичинде кирип, зер буюм, акча талап кылып, болбосо зордуктай тургандыгын айтып, коркутууга алган 19 жаштагы Сузактык жигит милиция кызматкерлеринин оперативдүү жасаган аракеттеринин натыйжасында кармалды. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, кылмышка шектүү делген жаран кылмыш ишин жасоодо жүзүнө кара бет кап кийип, жабырлануучулардан 1000 сомдон 5000 сомго чейин акча талап кылган. Ошол эле учурда аталган суммадагы акча каражаттарын беришпесе аялдык намысына тиерин айтып коркуткан.
“Жабырлануучулардан түшкөн арыздардын негизинде кылмышка шектүү адамдын колунда дайыма бычак болоору аныкталган. Акчасы жок аял кишилердин зер буюмдары менен уюлдук телефондорун алып жүргөн. Андан улам ыкчам иликтөөлөрдүн негизинде кылмышка шектүү Сузак районунун Лавдан-Кара айылынын 19 жаштагы туругуну Чопоев Абдукалил Рустамбекович экени далилденип, кармалды”,-деп жазылат берилген маалыматта.
Кошумчалай кетүүчү жагдай, мындагы абал боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө.