Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында КР ӨКМнин 3-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары Абсамат айылындагы каналдан белгисиз эркек кишинин жансыз денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Табылган адамдын өздүгү такталууда.