Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында кечээ 6-декабрдын түнүндө Өзгөн районунун 31 жаштагы жараны кайын атасын, кайын энесин жана өз келинчегин мууздап кетти. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдын башчысы Кубанычбек Бакиров билдирди.
Анын айтымында, окуя кечээ түн оогон убакта болгон.
“Каргашалуу окуянын себепчиси каза болгон Рустамовдордун Өзгөндүк күйөө баласы. Ал эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз. Мууздалган жарандар болсо кечинде ооруканага жетпей каза табышты. Биздеги тактала элек маалыматка ылайык, Рустамовдорду мууздаган жаран өзүнө-өзү бычак сайып, ооруканага жетпей каза болуптур”,- дейт Бакиров.
Аталган окуя боюнча укук коргоо органдары азырынча эч кандай маалымат ачыктай элек.