Сузак районунун Жалал-Абад-Казарман багытындагы 49-50 чакырымында (Үрүмбаш участкасында) кечээ, 27-майда көчкү түшүп, 50 метрге чукул автоунаа жолун алып кетип бир үйдү басып калды. Көчкү түшкөн аймак №31 жол тейлөө ишканасынын карамагында болгондуктан алар ӨКМге бүгүн, 28-майда кабар беришкен. Бул тууралуу жол тейлөө ишканасынын жетечиси Бакыт Бегалиев билдирди.
"ӨКМ көчкү кооптуулугу боюнча тийиштүү аракеттерди көргөндөн соң жолду тазалоо боюнча бизге ооз эки түрдө уруксат беришти. Эми тазалоо иштерин баштадык. Көчкү болжолдуу түрдө 50 миң кубдан жогору",- деди Бегалиев.
Ал өз сөзүндө экинчи ирет да көчкү түшүү коркунучу бар экендигин айтып, жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө тыюу салынгандыгын билдирди.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, көчкү алдында эмнелер калып кеткени азырынча белгисиз. Анткени жер көчкөн аймактын жанында жайлоокечтер жана мал жандыктар болгон. Андан сырткары тынымсыз автоунаа каттамы жүрүп турган.