Өзбекстанда GM Uzbekistan компаниясынын унааларын улуттук валютада гана сатуу чечими кабыл алынгандан кийин алар 20 пайызга кымбаттады.
Компаниянын өкүлү 1-июндан тарта бардык автосалондордо унаалар сум менен сатыла баштай турганын билдирди. Мындай чечим президенттин тиешелүү токтомунан кийин кабыл алынган.
Ошол эле маалда ал бул чечимдин унаа баасына канчалык таасир эткени тууралуу так маалыматтары жок экенин билдирди. «Менде 1-июндан кийин унаалардын баасынын канча боло тургандыгы жөнүндө маалыматтар жок. Бирок учурда калган унааларды каттоо жүрүп жатканын айта алам», - деди ал.
Автосалондордо машиналарды сатуу убактылуу токтотулгандан кийин GM Uzbekistan унааларына болгон баа орточо 20 пайызга жогорулап кеткен. Унаа сатып иштеген ташкенттиктердин бири айрымдар 1-июндан кийин унаа кымбаттайт деп машиналарын сатпай тургандыктарын айтты. «Буга байланыштуу унааларын азыр сатып жаткандар бааны 20-30 пайызга жогорулатып жиберишти», - деди ал.
Өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-июнунан тарта GM Uzbekistan компаниясынын бардык үлгүдөгү автоунаалары ички базарда жалаң гана улуттук валютада сатыла баштайт.