Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунда бир катар иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.
Ага карата өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев резервдик фондунан 90 миң сомду облустун аймагындагы балдар үйлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүү максатында которду. Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарындагы психоневрологиялык балдар үй-интернатына, Ноокен районундагы Ж.Ниязов атындагы атайын көмөкчү мектебине, Жалал-Абад облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүүчү «Бакыт» борборуна, Сузак районундагы Октябрь айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн ар бирине 20 миң сомдон жана Жалал-Абад облусундагы «Ак жол» балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна 10 миң сом берилди.
«Жалал-Абад облустук мекеме-уюмдардын эмгек жамааттары кайсыл балдар үйлөрүнө жардам көрсөтө турганы конкреттүү көрсөтүлдү. Биздин максат балдарыбызды майрам күнү гана эстебестен, жыл бою жардам көрсөтүү жагын жөнгө салуу болуп саналат. Учурда Жалал-Абад облусу боюнча 9013 жарым жетим, 480 толук томолой жетим балдар бар. Мындан сырткары, облус аймагы боюнча 28 миң 945 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар», - деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Абдиллабек Камбаров.