Акыркы 10 жылдан бери Кемпир-Абад суусактагычына жакын жайгашкан Ош областынын Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн, Өзгөн районунун Куршаб, Төрт-Көл, Ана-Кызыл айыл өкмөттөрүндө жер кыртышы бузулуп кеткен. Топурактын нымдуулугу жогорулап, камыш басып, үлүш жерлерге эч нерсе өспөй калган. Бул экологиялык көйгөйлөрдүн баардыгы Кемпир-Абад суусактагычынын айынан келип чыгууда.
СССР суусактагычты эмне себептен курган?
Совет мезгилинде Өзбекстанда СССР боюнча эң көп пахта өндүрүрүлгөн. Жылына бир миллион тоннага чейин түшүм алышкан. Өзбекстандык дыйкандар бул көрсөткүчтү 1,5 миллион тоннага чейин көтөрүүнү максат кылган.
Фото: Андижан областындагы пахта талаасы
Бирок, бул максаттарын ишке ашыруу үчүн Өзбекстанда ал убакта сугат суу тартыш болчу.
Өзбекстандын сугат суу маселесин чечүү үчүн Өзгөн районунун аймагына, Кыргызстандын тоо кыркаларынан агып келген Кара-Дарыя менен Жазы дарыясынын сууларын топтоп бере турган, Кемпир-Абад суусактагы куруу чечими кабыл алынган.
Фото: Кемпир-Абад суусактагычынын курулушу жүрүп жаткан учур
Кемпир-Абад суусактагычы Кемпир-Абад дирекциясы тарабынан 1978-жылы курулуп, ошол эле жылы эксплутацияга берилген.
Кемпир-Абад суусактагычы кимге таандык?
Фото: Кемпир-Абад суусактагычынын тарых-таржымалы сакталган документ
Кемпир-Абад суусактагычы документтерде расмий Андижан суусактагычы деген аталышта катталган. Бирок жергиликтүү калк Кемпир-Абад деп атап жүрүп, суусактагычтын ушул аталышы элге көбүрөөк таанымал болуп калган. Суусактагычтын платинасы турган жерде Өзгөн районуна караштуу 5,5 миң гектар жер бөлүнгөн. Бул жерлерде айылдар,кайракы -эгин талаалары, үлүш жерлер болгон. Тургундар көчүрүлүп, Кемпир-Абадды куруу дирекциясы 14 миллион совет рублин компенсация катары төлөп берген. Платинанын жери үчүн Кыргыз ССРинин министрлер советинин 1973 жылкы №81 токтомуна ылайык Өзбекстан Наманган областынан 2663 гектар, Фергана областынан 1013 гектар жерин Кыргызстанга компенсация катары берет деп чечилген.
Фото: Кыргыз ССРинин министрлер советинин №81-токтому. Токтомдо даана жазылып турат, Өзбекстан канча жерди компенсация катары берүүгө милдеттендирилгени
Өзгөн районунун акиминин орун басаары Алишер Бакышев ошол мезгилде сүйлөшүлгөндөй Өзбек тараптан компенсация тууралуу макулдашуулар толук аткарылбай калган дейт.
"Ошондо Өзбекстан тарап бизге Ош областынын аймактарынан жер берүүнү убада кылган, бирок толук берген эмес”,-деп кошумчалады Бакышев.
Убадалар аткарылбагандыктан, кыргыз бийлиги чек ара тилкелерин жылдырбай турганын билдиришип, токтом кабыл алышкан.
Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда талаш тартыштар жаралган экен
Өзбекстандын Кыргыз ССРине берген жообу
Азыркы учурда Өзгөн районунун мамкаттоосунда Кемпир-Абад суусактагычы Кыргызстандын балансында катталып турат.
Кемпир-Абад суусактагычынын пайдасы коңшуларга, зыяны бизге тийүүдө
Өзбекстан суусактагычты ийгиликтүү пайдаланып келет. Пахтасын коңшулар алгач пландаштыргандай 1,5 миллион тонна эмес, жылына 3,5 миллион тоннага чейин көтөрүп, түшүм алганга жетишишкен. Бирок, суусактагычтын зыяны анын жээгиндеги жайгашкн айылдардын экологиясына терс таасирин тийгизип жатат. Анткени жер кыртышы бузулуп, нымдуулугу жогорулап кеткен. Анын бир себеби, суусактагычка суу нормадан ашыкча топтолгон учун дешет адистер.
Руслан Акишев, Ош областтык суу чарба башкармалыгынын башчысы:
"Кемпир-Абад суусактагычына сууну ашыкча топтоп коюшат, мисалы нормага ылайык 905 млн3 (куб) болсо, алар 1200 млн3 (куб) топтошот. Бул албетте экология терс таасирин тйигизип жатат”.
Кемпир-Абаддын айынан Кара-Суу районунда 800 гектар, Өзгөндө 700 гектар айыл чарба жерлери жараксыз
Бүгүнкү күндө Кемпир-Абаддын айынан Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн айылдары, Өзгөн районунун Куршаб, Төрт-Көл, Ана-Кызыл айыл өкмөттөрүндө жер кыртышы бузулуп нымдуулугу жогорулап, сазга айланып, камыш басып, үлүш жерлерге эч нерсе өспөй калган.
дыйкан Апас Алмазов
2017-жыл Өзгөн. Дыйкандардын саз басып кеткен үлүш жерлери
Дыйкан Апас Алмазовдун, Өзгөн районунун Төрт-Көл айылында 90 сотак жер үлүшү болгон. Учурда ал жерлеринин нымдуулугу көтөрүлүп отуруп 15 сотагы жараксыз болуп калыптыр.
"Мурда буудай, жүгөрү, жашылчанын түрүн эгчик. Азыр эми шалыдан башка эч нерсе өспөйт. Шалыдан деле тапкан пайдабыз аз. Анткени жер начар, күрүчтү дарынын күчү менен өстүрүп жатабыз. 7-8 жолу дары берүүгө туура келип жатат. Сайдын суусу да жылдан жылга биздин жерлерибизди басып, жылып келе жатат. Менин үлүшүмдүн 15 сотагы суу астында калды. Бирок, налогду баарына төгөм, "как положено””,- дейт Апас Алмазов.
Кемпир-Абад суусактагычы Жалал-Абад областына да терс таасирин тийгизет
Суусактагычка жазга маал суу толгон мезгилде Өзгөн районундагы бир нече айылдарды сайдын суусу басып келет. Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Төрт-Көл айылынын тургуну, фермер Тургунбай Сарыков суу Кемпир-Абадка толгондон кийин артка агып, сайдагы сууларда көтөрүлүп айылды көздөй агат деп түшүндүрдү.
"Зыяны көп болуп жатат, бир жылы мектебибизге чейин жетип, суу каптап баары жогун кыйналганбыз. Жыл сайын суу көпүрөнүн үстунө чейин көтөрүлөт, 2 метр ашыгыраак көпүрөнүн үстүндө суу болот. Өзүңөр көрүп тургандай көпүрөнү бузуп кетип жараксыз. Кээде кайык менен аркы өйүзгө өтөбүз. Аркы өйүздө айыл бар, анан биздин айылдын көрүстөнү ошол жакта”.
2017-жыл, Өзгөн Ана-Кызыл айылындагы көпүрө
Жер кыртышынын нымдуулугу жергиликтүү элдин ден-соолугуна да терс таасирин тийгизип жатыптыр
Кемпир-Абад суусактагычынын жээгинде жайгашкан айылдардын бири Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Таширов айылынын тургуну Саадатхан Шарабиддинова өнөкөт ооруулар көбөйдү дейт. Себебин айылдыктар топурактык нымдуулугунан деп болжошууда.
"Айылда оорукчандар көбөйгөн. Ар бир үйдө эле бронхит, муундары ооругандар полиартрит дейби ошол ооруу көп, туберкуллез көбөйүп кетти. Чымын, чиркей көбөйгөн акыркы 10-15 жылдан бери, мурда бул жер андай эмес болчу. ФАПтан жайкысын пашахана кылып бегиле деп марли берет, бирок ал эми проблеманы чечпейт. Үйлөрүбүз ным жыттанып дубалдары көгөрүп турат. Сырость, элдин баарынын эле үйлөрү сырость. Деги соо үй жок”.
Динара Токторова, Ош областынын Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору
Динара Токторова, Ош областынын Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Савай айыл өкмөтүндөгү тургундар арасындагы ооруулар тууралуу статистиканы көрсөттү.
- "2015 жылы -бронхит 8 учур, болсо 2016 жылы -15 учур.
- Полиартрит 2015 жылы -12 учур болсо, 2016 жылы 18 учур.
- Өнөкөт бөйрөк ооруусу -8 учур, 2016-жылы да 8 учур.
Нымдуулуктан 305 турак үй авариялык абалга келген
Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндө 305 үй, нымдуулуктун кесепетинен авариялык абалда. Айыл тургуну Малика Ганиева акыркы 20 жылда үч жолу үй куруп, үйлөрү кулап калып, эми төртүнчүсүн куруп баштаптыр.
"Үйлөрүбүз 10 жылга жетпей эле көчүп түшөт. Бул үйүбүздү салганыбызыга 5 жл араң болду, уже дубалы түп жагынан эзилип урай баштады. Дагы үй баштап койдук эми, ал деле көпкө түтпөйт. Тапкан ташыганыбыздын баарын эле эле курулушка кетиребиз. Башка жака көчүп кетели десек жерибиз жок, сатып алайлы десек акчабыз жок”.
2017-жыл Ош. Кара-Суу району Савай айыл өкмөтү Таширов айылы
Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн жер адиси Алтынбек Кармышаковдун айтымында өкмөттүк деңгээлде бул жердеги үйлөрдү көчүрүү маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн экен, бирок чечилбептир.
2017-жыл, Ош. Савай айыл өкмөтүнүн жер адиси Алтынбек Кармышаков
"19 үй-бүлөгө финский үйлөр берилген. Жерлер берилип көчүрүлгөн. Кээ бири көчпөй койгон. Бирок нымдуулуктун айынан жабыркап жатышат. Туберкуллез көбөйүп жатат эле арасында. Көйгөйлөр 80 жылдарынан бери баштаган. Экология боюнча чыгымдарыбызды эсептеп, анализ кылып чыгып билдирүү бергенбиз. Эсептегенде чыгымыбыз 31 миллион сомдон ашып кеткен болчу. Бул 2003 жылдарда болгон эсептөөлөр”.
Сазга айланып бара жаткан Савай айыл өкмөтүнүн көйгөйүн чечүү үчүн айылды курчата жабык дренаждарды куруу зарыл дейт КР өзгөчө министрлигинин калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Эрнест Дыйканбаев.
КР өзгөчө министрлигинин калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Эрнест Дыйканбаев
"Ошондо жер астындагы суулар дренаждар менен агып чыгып, жер кургак турушу мүмкүн. Ал эми эгин талааларына ачык дренаждарды куруу зарыл. Бирок коллектордук дренаждарды куруу чоң суммадагы каражатты талап кылат. Айыл өкмөттөрдүн бюджети бул чыгымдарды өз алдынча көтөрө албайт”.
Өзбек тарап Кемпир-Абад суусактагычына топтоп, жазгы талаа иштери башталганда кое берет. Ачканда суу көп кирет. Жалал-Абад областынын Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорун аралап Кара-Дарыя менен агат. Ошол мезгилде дарыянын жээктеринде жайгашкан айылдарын суу алып кетүү коркунучу жаралат. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын жээктерди бекемдөө иштерине ашыкча чыгым кетирип, дамбаларды куруп убара тартат.
Аскат Кармышаков Жалал-Абад областынын Сузак районунун Жийде айылынын тургуну:
"Жылда суу келет, үйлөрдү алып кеткен учурлары болгон, жээке жакын жашагандарды көчүргөн айыл өкмөт. Айыл чарба багытындагы жерлерибизди алып кетип биз жылда жазга маал кыйналабыз аябай”.
"Тургундарга кооптуу жагдай жаралат. Жылда ашыкча чыгым коротуп жергиликтүү бийлик менен биргеликте жээктерди бекемдеп иштейбиз. Алдын алуу иштерин жүргүзүп адам өмүрүнө кооптуу жайларда активдүү иш алып барабыз. Бирок Өзбекстан тарапка сууну рационалдуу пайдалануу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жогору жактагылар жүргүзүшү керек”-дейт КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Фергана суу ташкындарынан коргоо агенттигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн башчысы Сапарбай Ормонов.
Кемпир-Абад суусактагычын пайдалануудагн келип чыгып жаткан бул көйгөйлөрдү Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен биргеликте чечүүсү зарыл. Кыргыз өкмөтүнүн Ош областы боюнча өкүлчүлүгүнүн берген маалыматына ылайык Өзбек тарап менен учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр. Биз дагы бул материалды даярдап жатып Өзбекстан Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчисине жана Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисине бир нече жолу кайрылуу жолдоп жооп ала албадык. Андыктан биздин чыгармачыл топ бул маселеге келечекте дагы кайрылабыз.
Бул макала Европа Биримдигинин колдоосу менен журналист Гулжан Алтымышбаева тарабынан даярдалды. Мазмуну "Бек Бол Эко Табият” коомдук фонду менен журналист Г. Алтымышбаеванын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.
Автор: Гулжан Алтымышбаева.
Сүрөөтөрдүн автору: Бекжан Токтосунов.
Ош-Жалал-Абад-2017.