Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:43
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
14:41
Бишкекте дүйнөгө аты чыккан артисттер "Тоска" операсын коёт
10:35
Пара алып кармалган министрдин орун басары Жусубалиев камакка алынды
10:34
Лейлекте КамАЗ оодарылып, үч киши каза болду
15:52
Сооронбай Жээнбеков телефондон Шевченкону куттуктады
15:49
Көз сүйүнөт! Бишкектин чок ортосунда "дельфиндер" пайда болду.
14:06
Бишкекте "Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб өтөт
14:39
Кыргыз телесине 60 жыл! КТРК мааракесин белгиледи
14:36
Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу
14:29
Органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Карыпбеков КТРКдагы аудит боюнча үн катты
14:18
Иштен кеткеним үчүн 1 млн. сом алдым. Атбашылык аксакал жөнүндө репортаж
14:13
Бишкектеги Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлду
11:18
Атамбаевдин тарапташтары менен каршылаштары жаңжалдаша кетти. Видео
16:09
10 кызды өстүргөн ноокаттык жубайлар 9 күйөө балалуу болушту
16:03
Сүйгөн кызы өз жанын кыйганын уккан соң, өзүн атып өлтүргөн 21 жаштагы жигиттин акыркы каты жана туугандарынын версиясы
10:20
Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды
14:22
Бишкекте ар кыл диндин өкүлдөрү ийри отуруп, түз кеңешет
13:36
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
13:07
Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого канча каражат сарпталаары айтылды
10:14
Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты
16:10
Бишкекте майыптар үчүн пандустар орнотулууда
11:56
Каракол: өрт чыккан үйгө суусу жок келген өрт өчүрүүчүлөр, тамсыз калган үй-бүлө
11:25
Жөнөкөй малчынын идеясын автоинспекторлор улап кетти
11:24
"Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Себеби айтылды
10:05
“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды
16:18
Бишкекте адамдарды тоноду делген 18 жаштагы балдардын үйүнөн баңгизат табылды
16:27
Бишкек: мектеп окуучулары жетим балдар үйүнө барып белек тартуулашты
16:07
Нарындан Аксыга жер которгон маралдардын абалы айтылды. Сүрөттөр
15:57
Бишкек менен Оштогу басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды
15:48
Депутат Кыргызстанга эли визасыз кирген өлкө санын 55ке жеткирүүнү сунуштады
13:45
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти.
10:36
Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы абал боюнча расмий пикирин айтты
10:35
"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин эки айга камакка алынды
11:49
Жүзгө жакын сатуучу "Ош" базарында митинг кылып жатат
11:33
Жаңы жылга карата башкы аянт кантип кооздолот
09:35
Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус алуу үчүн тендер жарыялады
09:34
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
15:28
Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды
15:18
УКМК: Бишкек мэриясы 2017-жылды тосуу үчүн шаарды кооздоодо мыйзам бузган
14:05
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады
11:04
Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды
17:30
Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат.
10:03
Бишкекте эми коомдук тартипке атчан милиционерлер да көз салат
13:27
Жээнбеков Атамбаев менен эмнеге чырдаша кеткенин айтып берди
13:25
Путин Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бардык кабарлар

Уулуу калдык сактоочу жайлар Кадамжай менен Айдаркен үчүн- негизги коркунуч

Жаңылыктар / Баткен жаңылыктары
1 166
0

Уулуу калдык сактоочу жайлар Кадамжай менен Айдаркен үчүн-  негизги коркунуч

Баткен областында СССР доорунда дүйнө жүзүнө атагы чыккан эки ири сымап комбинаттары иштеп турган. Бул Кадамжай жана Айдаркен сымап комбинаттары. Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде бул эки комбинаттан өндүрүлгөн сымап жана башка оор металлдардын кошулмалары ок-дары чыгарууга колдонулуп, жеңишке жетүүгө чоң салым кошкон. Ошол дүркүрөп иштеп турган мезгилде өнүккөн эки шаарчалардын абалы комбинаттар ишин токтоткондон бери начарлап кеткен. Жумушсуздук, коммуникациялардын начарлашы, миграциянын агымы күч анысы аз келгенсип ал жердеги уулуу калдык сактоочу жайлардын да эл жашаган аймака жакын турушу ойлондурчу маселе.

Айдаркен сымап комбинатынын тарыхы жана бүгүнкү күндөгү абалы

1914 жылдарда Фергана өрөөнүнө жүргүзүлгөн экспедицияларда Айдаркендин тоо кыркалары кенге бай экени маалым болгон. Жылдар өтүп согуш башталгандан кийин 1941-жылы Айдаркенге Украинадагы сымап комбинаты көчүрүлүп келип толук кандуу ишке кирген.  Комбинат толук кандуу иштеп турган мезгилде айына 50 тоннага чейин сымап өндүрүлгөн.  1999 жылдары дүйнөлүк рынокто сымапка суроо талап азайып,  баасы түшүп кеткенден кийин комбинаттын иши токтоп калган. Ошол мезгилден тарта сымапты пайдалануудан көптөгөн өлкөлөр да баш тартышкан. Бирок ага карабастан Айдаркен комбинаты дүйнө жүзүндөгү сейрек кездешчү сымаптын түрүн аз-аздан болсо да чыгарып турган. Мурункудай айына 50 тонна чыгара албаса да  айына 7 тоннага чейин өндүрүп турган. 2013 жылдан бери туруктуу инвестор табылбай комбинаттын иши токтоп турат. Техникалык жабдуулары четинен сатыла баштады дешет жергиликтүү тургундар.

Уулуу калдык сактоочу жайлар Кадамжай менен Айдаркен үчүн-  негизги коркунуч

Имамидин Маматаминов,  Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарынын тургуну:

“Элдерде комбинат тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Бирок, чын-чынына келгенде Айдаркендин өнүгүүсү үчүн комбинат иштеп туруусу зарыл. Анткени шаарчанын бюджетинин негизги булагы ушул комбинат. Экинчиден ишкана иштеп турса Айдаркендин бир оп иштерин жасап турмак. Мисалы суу бизге алыстан келет, комбинаттын техникасы тартып берет. Эл иш менен камсыз болот. Бизде сымаптын запасы көп, комбинатты иштетсе болот эле. Бирок, бирөө жарымдын көзү түшүп калган окшойт атайын, искусственно банкрот кылып туруп сатууга кызыктар болуп жатышат деп ойлойм”.

 Айдаркен совет доорунда  чакан бирок абдан өнүккөн шаар тибиндеги кыштак  болгон. Калкынын саны 20 миңге чейин жетчү. Азыр ошол өнүккөн шаарчанын сөлөкөтү гана калган. комбинаттын имараттары бош, талкаланып кеткен, шаардагы коммуникациянын абалы начар. Миграциянын агымы күч болуп 11 миң гана калк калган.

Уулуу калдык сактоочу жайлар Кадамжай менен Айдаркен үчүн-  негизги коркунуч

Айдаркен комбинатынын шахтасы Эмше айылында жайгашкан, айылдын эли дыйканчылык менен жан багышат. Айылда сугат суу келчү канал жок. Эгинедерин элдер жер астынан насос менен  суу сордуруп сугарышат. Комбинат иштебей калгандан бери айылга суу келбей калып кыйынчылыктар жаралып жатыптыр.

Айылдын тургуну Ляззат Жанованын айтымында эл дыйканчылык кыла албай, комбинатта иштегенлер ишсиз калып, айылдын элинин экономикалык абалы бир топ начарлап кеткен.

Уулуу калдык сактоочу жайлар Кадамжай менен Айдаркен үчүн-  негизги коркунуч

Сымап комбинатынын иштеп турганы жергиликтүү элдин экономикалык абалына жакшы болгону менен сымап өндүрүү экологияга терс таасирин тийгизеери жалпыга маалым. Экология боюнча илим изилдөөчү Калыскан  Иматали кызы Айдаркен комбинатынын тегерегинде жер кыртышы менен өсүмдүктөрдүн абалын изилдеп чыккан. Изилдөөлөрдүн натыйжасында  комбинаттын тегерегиндегы агынды суулардын жана топурактын курамында сымап көп экени далилденген.

Калыскан Иматали кызы,  Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун ага-окутуучусу, экология боюнча илим изилдөөчү:

“Бул сымаптын көптүгү абдан зыян терс таасирин тийгизет. Сымап абада “испарения” болот, кайра жаан чачын менен топуракка сиңет да андан өсүмдүктөр суу ичип, жашылча жемишти элдер жеп абдан кооптуу жагдай жаралат”.

Бирок жергиликтүү эл ден-соолука терс таасири тийгенин байкабайбыз дешет. Медицина кызматкерлеринин берген расмий статистикаларына караганда да кандайдыр бир ооруулардын көйбөйгөнү байкалбайт экен.

Мисалга Айдаркендин тургуну  Абдымаман  Жаркынбаев комбинатта 15 жыл иштептир. Айтымында кээ бир учурда сымап тамак ашка аралышп кетсе деле зыяны тийген эмес  экен.

“Ошончо жыл иштедим бир да жолу больничныйга чыккан жокмун. Бир да ооруп сыркаганды билген жокпуз, ата-бабаларыбыз 100 гө ыгып жатышат”,-деп кошумчалады.

2013 жылы эле комбинатта 560 адам эмгектенген. Ошол жылы  35 тонна сымап өндүрүлгөн, анын баасы 144 миллион сомду түзгөн. Акыркы изилдөөлөр Айдаркенде дагы 20 миң тонна сымаптын запасы бар экенин көрсөткөн. Кыргызстанда өндүрүлгөн  сымап сапаттуу деп эсептелет. Ал Судан, Корея, Турция Россия жана Иранга экспорттолот. Бирок Бириккен улуттар уюмунун UNEP аталышындагы программасына ылайык, дүйнө жүзүндө сымап өндүрүүнү кыскартуу жана өндүрүштөн чыккан калдыктардан арылуу сунушу коюлган. Учурда Айдаркендеги калдык сактоочу жайлар адам жашаган аймакка жакын жайгашып, экологияга зыяны тийип турат.

“Сымапты өндүрөөрдөн мурда ишкана баардык шарттар менен камсыз болушу керек. Экологдор менен бүт нормаларды сактай турган болуп келишип алыш керек. Ошондо гана маселе жаралбайт. Азыр эми дүйнө жүзүндө сымапты коопсуз өндүрүүнүн методдорду көбөйдү, илим өнүктү. Биздин адистер барып коуп келүүсү керек ошол жактардан”-дейт илим изилдөөчү К. Иматали кызы.

Кадамжай сурьма комбинаты

Кадамжай сурьма комбинаты 1936 жылы ишке кирген. СССр убагында эң ири сурьма өндүрүгөн завод болгон, сурьманын 14 түрүн өндүрүп чыгарган. Жылына 7 миң тонна металл жана 3000 тонна металл кошулмасын чыгарган.

Асланбек Макканбаев,  Кадамжай сурьма комбинатынын директорунун милдетин аткаруучу

“Комбинат азыр толук кандуу иштеген жок, бирок ошентсе да азыраак адам тагыраагы 40 тай адам иштеп жатабыз. Негизинен калдыктардан сымап өндүрүүдөбүз. Бирок отвалдар боюнча бир топ маселелер чечилбгене үчүн биздин иш токтоп турат. Келген инвесторлорду да ошол көйгөй ойлондурат, кооптондурат.

Кадамжай сурьма комбинатынын 8 калдык саткоочу жайлары бар. Алардын дээрлик баардыгы шаар үстүндөгү тоолордун арасында жайгашкан.  Отвалдардын экөөсү Өзбекстандын аймагына болгону 200 метр алыстыкта жайгашкан. Жаан- чачын мезгилинде  уулуу заттар суу менен Өзбекстанга агып кетип, эл аралык чыр чатак жаралышы мүмкүн экен.

Уулуу калдык сактоочу жайлар Кадамжай менен Айдаркен үчүн-  негизги коркунуч

Кадамжай сурьма комбинатынын өкүлдөрү мамлекет ошол эң кооптуу делген эки отвалды өз балансына алуусу керек деп сунуштап келишет. Бирок ӨКМ ал калдык сактоочу жайларды балансына алыша элек.

Байзак Исаков,  Кадамжай сурьма комбинатынын сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүү цехинин башчысы:  
“2005 жылы 5 декабрьда өкмөттүн  токтому чыккан, ушул 7-8-отвалдарды  МЧСтин балансына өткөрсүн деген. Ошодон бери биз алар менен соттошуп бир канча жолу райондук областтык сотто, жогорку сотто каралган болчу. Бирок алар карамагына албай жатышат. Президенттик аппаратттын стат-катчысы Темиралиевдин  да  буйругу чыгарылган алынсын деген.  Бирок ӨКМ өз балансына албай жатат”.

Ал эми ӨКМдин алдындагы калдык сактоочу жайларды коргоо агенттиги Кадамжайдагы калдык сактоочу жайды министрликтин балансына өткөзүү мыйзамга туура келбейт деп билдиришти.

“Биз ал Кадамжай сурьма комбинатынын  калдык сактоочу жайларын  ала албайбыз анткени мыйзамга туура келбейт. Мыйзамга ылайык ӨКМ эч кимдин карамагында эмес, безхозный калдык сактоочу жайларды ала алабыз өз балансыбызга”,-деп билдирди аталган агенттиктин бөлүм башчысы Алтыбай Абдраев.

Ал арада комбинат экологиялык  нормаларды бузгандыгы  тууралуу  Кадамжай райондук экологиялык жана техникалык көзмөлдөө инспекциясы  комбинатты сотко берген, териштирүү иштери ушул күнгө чейин созулуп келет. Жергиликтүү тургундар да комбинаттын зыяны күч деген ойлорун айтты.  Акипресс-Ош агенттигинин шэф-редактору Азамат Апсаттаров Кадамжай шаарчасынын тургуну, комбинат жаратып жаткан көйгөйлөр тууралуу көп эле жолу чагылдырган журналист катары Кадамжай менен Айдаркен үчүн сымап комбинаттары негизги коркунуч деген ойдо.

Уулуу калдык сактоочу жайлар Кадамжай менен Айдаркен үчүн-  негизги коркунуч

Азамат Апсаттаров, журналист

“Кадамжайдын асты толугу менен казылып бүткөн- чоң бир шахта болуп калды десек болот, эгерде катуурак жер титиресе, көчүп тушуп калат. Анын үстүнө, калдык сактоочу жайлар калк жашаган жерге өтө жакын жайгашкан. Тоодо болгон үчүн жаан- чачында тоолордон аккан суулар арыктарга кошулуп элдердин ичүүчү сууларына кошулуп кетет, элдердин ден-соолугуна бир топ зыяны тиет деп элдер айтып эле жүрүшөт. Бирок тиешелүү адистер элге зыяны жок деп элди жооткотуп коюшат”.

Уулуу калдык сактоочу жайлар Кадамжай менен Айдаркен үчүн-  негизги коркунуч

Кадамжай районунун акиминин орун басаары Жаныбек Исаков калдык сактоочу жайлар жергиликтүү бийлик тарабынан дыкат көзөмөлө турат дейт.

Бүгүнүкү күндө эми абдан эле элди уулантып жатат деген ойго мен кошула албайм, бирок ошенсте да терс таасири тийбей койбойт албетте. Биз көзөмөлдөп турабыз, ар бир жазгы, күңзгү жаан-чачында карап турабыз. Тиешелүү чараларды көрүүгө көмөктөшөбүз. Бирок, көчүрүүгө азыр каражат жок, келечекте көчүрүлүшү керек, сөзсүз”.

Ал эми эколог-эксперттер Кыргызстандагы калдык сактоочу жайларга мониторинг жүргүзүп алардын абалдарына адистик баа берүү зарыл, мониторинг жүргүзгөндөн кийин гана кандай иштерди жасаш керек белгилүү болот дешет.

Уулуу калдык сактоочу жайлар Кадамжай менен Айдаркен үчүн-  негизги коркунуч

“Жалпы Кыргызстандагы баардык калдык сактоочу жайларга мониторинг жүргүзүү зарыл. Алардын дээрлик баардыгы рекультвацига муктаж. Калдык сактоочу жайларды көзөмөлдөп туруучу агенттик түзүү керек, бизде бар ӨКМдин алдында тууа эмес түзүлүп калган. Илим-Изилдөө Академиясынын алдында түзүлүшү керек болчу. Бизде бул жаатта көйгөйлөр көп негизгиси каражат жок, уулуу калдыктар менен иш алып барууга адистер жок, жаштар атомщик болууну каалашпайт, илимге кызыгышпайт. Анткени биздин айлыгыбыз аз”,-дейт эксперт-эколог Бекмамат Жээнбаев.

Ал эми “Аялдар Тынчтык Банкы” коомдук фондунун жетекчиси Гулсана Абытова  уулуу калдыктар бул трансчегаралуу маселе болгондуктан коңшу өлкөлөр да кайдыгер болбостон маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүсү  зарыл деген пикирин билдирди.

Уулуу калдык сактоочу жайлар Кадамжай менен Айдаркен үчүн-  негизги коркунуч

Гульсана Абытова, «Аялдар Тынчтык Банкы» коомдук фондунун жетекчиси

“Биз бул маселени чечүүдө кандай биргеликте иштерди алып барууга болот деген суроо менен коншу Өзбекстанга кайрылып көрүп бирок жооп ала албадык, чындыгында борбор Азия өлкөлөрү  уулуу калдыктардан арылуу маселесин чечүү үчүн мамлекеттер аралык альянс түзүүсү зарыл. Анткени экологиянын булгануусу бир эле Кыргызстан үчүн эмес бүтүңндөй Борбор Азияга кооптуу”.   

 “Биз бул маселени чечүүдө кандай биргеликте иштерди алып барууга болот деген суроо менен коншу Өзбекстанга кайрылып көрүп бирок жооп ала албадык, чындыгында борбор Азия өлкөлөрү  уулуу калдыктардан арылуу маселесин чечүү үчүн мамлекеттер аралык альянс түзүүсү зарыл. Анткени экологиянын булгануусу бир эле Кыргызстан үчүн эмес бүтүңндөй Борбор Азияга кооптуу”.   

Кыргызстандын аймагында жалпы 92 уулуу калдык сактоочу жайлар бар, алардын дээрлик баардыгы бүгүнкү күндө рекультвацияга муктаж. Рекультвациялоо үчүн жүз миллион доллардан ашык  каражат керек. Чет элдик донорлордун колдоосу болбосо Борбор азиянын экологиясынын келечеги кооптуу абалда.

Бул  макала  Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды.  Макаланын   мазмуну  “Аялдар Тынчтык Банкы" коомдук фондунун жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

 

Уулуу калдык сактоочу жайлар Кадамжай менен Айдаркен үчүн-  негизги коркунуч

Автору: Гулжан Алтымышбаева.

Бишкек Гуманитардык университетинин

журналистика факультетин аяктаган.

Сүрөттөрдүн автору: Бекжан Токтосунов.

Баткен, 2017-жыл 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно