Жакында Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Турпак айылына жаңыдан курулган таза суу линиясы пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Т.Ибраимов, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Фондунун Баткендеги Филиалынын директору, Фонддун Түштүк аймагы боюнча координатору Р. Абазбеков жана жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышты.
Ак-Турпак айылына жаңыдан курулган таза суу линиясын куруу иштери толук аяктап, Ак-Турпак элин таза суу менен камсыздоону баштады. Суу линиясынын жалпы курулуш суммасы 1 950 961 сом, анын ичинен 100 миң сом жергиликтүү салым катары айыл өкмөтүн бюджетинен берилген. Суу линиясынын жалпы узундугу 2574 метрди түзүп, 12 колонка жана 1 гидрант коюлган. Жаңыдан курулган таза суу линиясынын курулуш иштерин “Кап-строй” ЖЧК ишке ашырды.
Бул курулган суу линиясы Ак-Турпак айылынан Тажик Республикасынын Исфара районунун чек ара айылдарына тартылган суу линиясына кошулган. Андан сырткары бул таза суу линиясына мындан кийин да айылдын башка участкаларына таза суу линиясын тартуу мүмкүнчүлүгү бар.
Айылдык кенештин төрагасы М.Жалаловдун айтымында “Ак-Турпак айылына курулган таза суу линиясынын курулушу жалпы жергиликтүү жашоочулар үчүн таза суу менен камсыздоодо жакшы шарттарды түздү. Таза суу линиясы курулганга чейин Өзбекстан Республикасынын Газноу айылы аркылуу келген сугат суу каналы аркылуу келген дарыя суусунан сугаруу да, ичүү үчүн да колдонуп келгенбиз. Биз кийинки планыбызда ушул таза суу линиясын айылдын башка участкаларына тартуу иш-чараларын пландаштырып жатабыз. Бул суу линиясын мындан ары иштетип кетүү максатында Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Төрт-Түл таза суу” ичүүчү суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесин түзүп жатабыз”,- деди.
Бул таза суу линиясын тартуу “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Фондунун Баткендеги Филиалынын Кыргыз Республикасындагы Швейцария Элчилигинин колдоосу астында ишке ашты.
Динара КУРБАНБЕКОВА,
“Взгляд” Баткен облусу