Жакында Баткен областтык СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору тарабынан Баткен Аймактык колледжинде Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата аталган колледждин студенттери менен жолугушуу болду.
Жолугушууга Баткен областтык СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун ВИЧ/СПИДди аныктоо лабораториясынын башчысы Алимжан Сыдыков, врач эпидемиолог Асел Кошбаева, Баткен областтык кургак учук менен күрөшүү борборунун бөлүм башчысы Мирбек Касымов, ПРООНдун Баткен аймактык офисинин менеджери Т.Азимов жана Баткен Аймактык колледжинин мугалимдери, студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө алгач Баткен областтык СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун ВИЧ СПИДди аныктоо лабораториясынын башчысы Алимжан Сыдыков алгач студенттерге СПИДдин тарыхына токтолду жана бүгүнкү күндө канча адам бул илдет менен жабыркап келет, күн сайын канчасы каза болот жана бул илдеттин жугуу жана алдын алуу жолдору тууралуу маалыматтарды айтты.
Андан соң врач эпидемиолог Асел Кошбаева атайын слайд түрүндө даярдап келген СПИД тууралуу маалыматтарды жана адам организминде СПИДдин вирусу кандай формада боло тургандыгын көрсөттү.
Динара КУРБАНБЕКОВА,
“Взгляд” Баткен облусу