Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:38
Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады
21:37
Ийгилик артынан ийгилик. Жуманазарова дүйнөлүк уюмдан 7 миң доллар сыйлык алат
21:35
Жапаров соцмекемелердеги балдардын тамагына бөлүнгөн акчага нааразы болду
21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
Бардык кабарлар

Айчүрөк ЖУМАНАЗАРОВА: “ЖАЛАЛ- АБАДДЫ ТАЗА ШААР КАТАРЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ”

Жаңылыктар / Интервью
715
0

Айчүрөк ЖУМАНАЗАРОВА, Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин кызматкери: “ЖАЛАЛ- АБАДДЫ ТАЗА ШААР КАТАРЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ”

Айчүрөк ЖУМАНАЗАРОВА: “ЖАЛАЛ- АБАДДЫ ТАЗА ШААР КАТАРЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ”  Эл ширин уйкусунан көз ача электе келип, шаар тазалыгын камсыз кылган жумушчулардын эмгеги ат көтөргүс экендигин танууга болбойт. Таза шаар үчүн күрөшкөндөр да дал ушул тазалык кызматкерлери. Алардын эмгегин баалап, эртели-кеч ыраазычылык билдирсек да аздык кылат. Бүгүнкү менин каарманым  Айчүрөк апа 65 жашта. Жашы бир топко барып калганына карабай тазалык үчүн күрөшүп иштеп келе жатат.

 

-Саламатсызбы Айчүрөк эжеке? Жумушуңуздар жеңил деп айтууга болбойт. Эл сиздердин жумушуңуздарды канчалык деңгээлде баалайт?

-Саламатсыздарбы. Эл деген эл экен да, каалагандай нерсени урнага таштабай, тескерисинче  жерге ташташат. Эгер тазалыкты сактайм дегендер болсо ар бири өзүнөн баштоосу керек деп ойлойм. Ошондо гана бизде таза мамлекет болот. А таза мамлекетте дени сак балдар төрөлөт. Мисалы, шаарды болобу же ишкананы болобу өзүнүн үйүндөй көрүп, тазалыкты сакташканда гана таза шаарды кура алабыз. Биздин жумуш таң эрте саат 4:30 да башталат.Ошол учурда элдин баары ширин уйкунун кучагында болушат. Элдер жумушка бара жатканда таза шаарды көрүп көңүлдөрү көтөрүлүп жумушка барышат. Мен өзүм таңкы убакта шаарды көрүп суктанып, кана ушундай таза шаар болсо деп ойлонуп олтурам. Бирок, ар кимдин эрки өзүндө болгондуктан кайра эле таштандыга ороло боло берет. Тазалыкты баары эле баалабайт деп айтуу кыйын. “Кара сызыктын бир четинде ак сызык  болот” дегендей кээ бирөөлөр жерде жаткан таштандыны көрүп урнага ташташканда кадимки жаңы төрөлгөн наристедей кубанам. Тазалык - бул ден-соолуктун чыңалышы.

-Жогоруда таза шаар деп айтып калдыңыз, сиздин оюңузча Жалал-Абад таза шаарлардын катарын толуктайбы?

- Менин оюмча ооба. Себеби мен буга чейин Бишкек, Ош шаарларына барып келдим, эмнегедир  тазалык бизчелик сакталаарын байкабадым. Же туулган жердин топурагы алтын болдубу, айтор Жалал-Абад жерим башка шаарларга салыштырмалуу таза көрүнүп кубандырды. Шаарды көркүнө чыгаруу үчүн колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз. Эгер шаарда гүлдөр көп болуп турса кооз анан таза көрүнөт. Мен жумушумду сүйөмүн. Жаш чагыбызда ата-энебиз “кыздуу үйдө кыл жатпайт” дейт үйдү таза карма, бир тал чачыңды көрбөйүн” деп тазалыкты талап кылат болчу. Мектепте окуп жаткан учурда эле тазалык секторунун башчысы элем, классташтарымдын баарын урушуп таза кийин деп жүрүп чогулуштарда биринчи орундарды алып жүрдүк. Азыркы учурда деле жол жээктерин тазалап жатканда айрым ишканалар таштандыларын, саргынды сууларын төгүп салышат. Жиним келип кирип түшүндүрүп чыккан убактар кездешет. Өзүм иш эмес убакытта көчөдө жүргөнүмдө ар бир алдымдан чыккан таштандыны алып кетмейинче купулум толбойт. Эгер албай кетип калсам түнү менен уктай албай кыжаалат болуп, алып койсоң болмок деп өзүмү жемелей берем.

-Айчүрөк эже айтсаңыз, ошону менен катарлаш жан дүйнөнүн тазалыгы эмне деп ойлойсуз?

-Жан дүйнөнүн тазалыгы адамдын мамилесинен билинет. Канчалык адамдарга жакшы мамиле жасап, жакшы сүйлөсөк алардын жан дүйнөсү ачылат. Жан дүйнөдөгү тазалык адамдын сыртына чыгып сулуулук  берет. Эл жөнөкөй инсандарды сыйлайт, баалайт. Айтат эмеспи “жылуу сүйлөсөң жылан ийининен чыгат” деп, биринчиден адамдарга мамиле жасоону үйрөнүшүбүз керек. Илгери адамдын салам бергенинен кимдин-ким экенин байкоого болгон. Сый-урмат мамиле болгон жерде аура таза болуп, иштин жүрүшү жакшырат. Кайсыл гана учур болбосун жаныбызда жакшы инсандар бизди колдоп турса, кылган жумушуңду сүйүп жасайсын. Бизда өз жумушубуз да бири-бирибизди угуп, жаш-карыны сыйлап акылдашып, элдешип иштейбиз. Мамиле менен адам агарат дагы, көгөрөт дагы. Маанайы жок адам кээ бирөөгө каттуу сүйлөп, орой мамиле жасап коюшу мүмкүн. Жашоону негизин түзүп жаткан мамиле дайыма нурдуу болсун, ошондо адамдардын көңүлү жайдары болуп, жашоосу жарык жан дүйнөсү таза болот. Ошондуктан тазалыкты сактап , сергек жашоону өзүбүз түзөлү.

-Жашыңыз бир топко барып калса да жумушуңузду так аткарып келе жатыпсыз, кыйынчылык жараткан күндөр болобу?

- Ар бир жумушту ырахаттануу менен жасаганга аракет кылам. Жумуштан сырткары неберелеримди кароого да жетишем. Албетте кыйынчылык болот. Таштандыларды алып, тазалык унаасына салуу мен үчүн өтө оор жумуш. Бир ишти кол учунда жасоону жаман көрөм. Жанымдагы кыз-келиндерге да айтам “эч качан кол учунда жумуш жасабагыла” деп. Себеби, ак  мээнет менен таап жеген наның ширин болот. Эмгектен эч ким өлгөн эмес, жаш кезибизден эмгектенип келгенбиз. Жашоого күлүп карасаң, жашоо сага күлүп карайт дегендей, дайыма кыйналып турсамда билдирбегенге аракет кылам.

-Улуу инсан катары жаштарга кандай насаат айтат элеңиз?

-Жаштар биздин келечегибиз, Кыргызстанды өнүккөн, таза өлкөнүн катарын толуктаса дейм. Албетте бул нерсе биздин жаштардын аракетине байланыштуу болот. Мээнеттен эч качан качпаңыздар, “адал эмгек абийир таптырат” дегендей эринүүнү жоюш керек. Азыркы жаштар кудайга шүгүр баары илимдүү-билимдүү болуга аракет кылып жатышат. Буйурса, акыбети кайтсын элге кызмат кылган, элдин керегине жараган инсандардан болсун. Жаштар кандай болсо, өлкөнүн келечегин көрүүгө болот. Жалал-Абадды таза шаар катары көргүм келет. Ар бирибиз тазалыкты сактайлы!

Маектешкен: Роза МАТМУСАЕВА

скачать dle 11.0фильмы бесплатно