Кечээ Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган Жалпак-Таш, Зергер, Ийри-Суу айыл аймагындагы Ничке-Сай, Аюу-Сай, Курбу-Таш айылдарынын тургундарына Кароол, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл айыл аймактарынын аймагынан жер тилкелерин бөлүп берүү жараяны башталды.
Өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаман-Адыр участкасындагы жер бөлүштүрүү жараянына катышты. Учурда турак-жайларын жер көчкү басып калган Курбу-Таш айыл аймагындагы 67 үй-бүлө үчүн атайын чатырлар тигилген. Ар бирине 8 сотыхтан жер аянты бөлүнүп берилген. Учурда электр энергиясын тартуу иштери жүргүзүлүп, электр мамылар орнотулуп жатат. Ошондой эле суугат суу алынып келинген. Бөлүнүп берилген жерге учурунда коон, дарбыз өстүрүлүп келген. Жашоого ыңгайлуу, бак тарактары бар жана түздүктөн куралган. Жер аянттарын алган жарандар тез арада көчүп келип турак жай салуу ниетин билдирип, өкмөт өкүлүнө алар тараптан коюлган талаптар убагында аткарылып суу, свет алып келингени үчүн ыраазчылык билдирди. Ага кошумча учурда каттап жаткан жолду кеңейтүү жана оңдоо маселесин айтышты. Облус башчысы Таалайбек Сарыбашов " мына өкмөт башчыбыз Сооронбай Жээнбеков келип өзү кабар алып көйгөйдү көрүп жеринде барыбызга тийешелүү тапшырмаларды койгон. Жерди таап анын документ иштерин бүткөрүүгө да чоң көмөк көргөздү. Тийешелүү министрликтерге жол, суу, свет маселесин чечүүнү тапшырган. Мына азыр жумуштар алып барылып жатат. Туура кыйын болду силерге абалыңарды түшүнүп турабыз. Азыр эсепке дагы да акчалар түшүп жатат. Кийинчерээк барыңа тегиз атайын комиссия түзүлүп бөлүп берет. Мамлекет колунан келген бардык аракетин көрүп жатат. Кызыл-Октябрь, Кароол, Төрт-Көл элине да рахмат. Келип аксакалдарына, депутаттарга түшүндүрдүк абалды. Бары макул болуп өз жерлерин берип жатат. Булар да деле жерге кезекке турган жарандар көп. Ошондуктан эми мына бул жерге келип турак жай салып кышка чейин кирип алышыңыздар керек. Бары бир убакта болуп калбайт. Бирок эки тараптан тең аракет боло бериши керек. Бары бир күндө бүтүп калбайт. Сиздер үйдү баштап пайдубал кура бериңиздер биз да колдон келген жардамды берип жол, суу, свет сыяткуу көйгөйлөрдү четинен чече берели"-деди. Эл да макулдугун билдирип жакынкы күндөрү көчүп келип үй салууга кирише турган ойлорун айтышты. Жаман-Адыр участогуна ген планда 250 орундуу мектеп, 120 орундуу бала бакча, ФАП, баня жана мечит сыяктуу курулуштардын да орду көрсөтүлгөн. Ген планы толук даярдалып этабы менен жер бөлүштүрүлүп бериле берет. Жаман-Адыр участогунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына тийешелүү жеринен 582 ал эми Кароол айыл аймагына караштуу жагынан 237 участок жер көчкүдөн жабыркаган жана көчкү коркунучунан улам көчүүгө милдеттүү болгон элге бөлүнүп берилет. Ал эми Төрт-Көл айыл аймагына болсо Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай, Ничке-Сай айылынын эли көчүп келет. Ош облус башчысы бул жерде жүргүзүлүп жаткан иштер менен да таанышты. Мында да убактылуу чатырлар тигилип суу, свет, жол алып келүү аракеттери көрүлүп жатат. Бугундон тарта бул аймакта да жерлерди бөлүп берүү жараяны башталат.