Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:03
Кыргызстан коронавирусту дарылоодо Россиянын дары-дармегин алабы? Министрдин жообу
11:02
Боронов: Кыргызстан сырттан келебиз деген бардык жарандарын тосуп алууга даяр
10:49
Бишкекте соцкызматкерлер карыларга тамак жеткирип, үйлөрүн дезинфекциялоодо
10:40
Жакшы кабар! Кытайда коронавирус жуктургандардын 93 пайызы сакайды
19:26
Чет өлкөлөрдө жүргөн 5 кыргызстандыкка коронавирус жукканы айтылды
19:24
Күнү-түнү иштешет! Бишкектин райондук штабдарынын телефондору
19:21
Калп айтпагыла, посттогуларды кагып-силкпегиле! Нарын мэриясы элге кайрылды
20:51
Балыкчыдагы посттон айдоочулар өтө албай жатышабы? Өкмөт жооп берди
20:51
Коронавирус: КРдин РФтеги элчилигиндеги штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
20:48
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
20:45
Обсервацияга баары алынат. Сырттан келгендерди карантинге алуунун шарты өзгөрдү
20:39
Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу
20:32
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:31
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:29
Аэропортко жүргүнчүнү тосуп, узаткандар киргизилбейт! Штабдын эскертүүсү
19:51
Сыртта калган КР туристтеринин тагдыры кандай болот? Расмий жооп
19:42
Бишкек: коронавирус жуктургандар 24 жана 26 жаштагы жигиттер
19:41
Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
19:39
Бишкекте коронавирус жуктурган эки учур катталды
14:12
Жээнбеков Аксы окуясына карата кайрылуу жолдоду
14:10
Кыргызстандын жарандыгын алууну кимдер каалайт?
13:33
Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат
13:31
Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы
16:17
Кочкор: дезинфекция кылгандардан шек санап, фейк маалымат тараткан аял сурак берди
16:16
Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
16:15
ИИМ: кыргызстандыктар менен бирге Европага героин ташыган чет элдиктер кармалды
15:43
Өкмөт ундун жана башка азык-түлүктүн баасына чектөө киргизет
15:33
Абылгазиев доллардын курсу кандай болорун айтты
09:42
Кыргызстанда коронавирус билинбей жүрүшү мүмкүнбү? Министрдин жообу
09:41
Абылгазиев: вирустан улам экономика алсырайт, бирок элдин ден соолугу маанилүү
09:30
Вице-спикер Аида Касымалиева карантинге алынды
09:20
Вице-премьер Асрандиев үй-бүлөсү азык-түлүк камдаар-камдабасын айтты
15:18
Сапар Исаков төрт кыздан кийин эгиз уулдуу болду
14:23
Кадырбеков: көчөдө кыйкырып аялдардын укугун кантип коргорун түшүнгөн жокмун
14:09
Айдоочуларга автоунаанын айнегин караңгылатууга уруксат берилеби? Мыйзам долбоору
16:42
Кыргызстанда камактагы адамдар ачкачылык жарыялады
16:04
Мамэкотехинпекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды
14:24
Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан
13:11
Бишкекте феминисттер маршынын катышуучуларын милиция кармап кетти.
14:54
Казакстан кыргызстандыктар үчүн акысыз билим алууга сынак жарыялады
14:30
Бишкектин базарларын дезинфекциялаган каражаттар коопсузбу? Адистин жообу
14:29
Соцтармакта мактанган адамдардын көйгөйү эмнеде? Психологдун пикири
14:12
Бишкектин мектептеринде 1-класска канча орун бар?
11:47
Атамбаевдин сотто костюм-шымчан отурган ирмеми.
11:45
Ультиматум тили кабыл алынбайт! Жээнбеков кечээки митинг тууралуу
Бардык кабарлар

Асылкан РАМАНКУЛОВА, Сузак районунун акиминин орун басары: “АТАМ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ БОЛУШУМДУ КААЛООЧУ”

Жаңылыктар / Интервью
1 011
0

Асылкан РАМАНКУЛОВА, Сузак районунун акиминин орун басары: “АТАМ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ БОЛУШУМДУ КААЛООЧУ”

-4-классымда окуп жаткан учурда бир унаага чыгып калдым. Анда бара жаткан бир аялдын сүйлөгөнү, кийиминин  жарашыктуусу өзүнө төп келгени мага жагып калды. Ал кезде жашмын кызыгып “эжеке кайсыл жерде иштейсиз?” деп сурасам, бир ишканада бухгалтер экенин айтты. Ошол күндөн тарта бухгалтер болом деп ниет кылгам. А атам болсо менин милиция болушумду каалаган экен. Бирок, жаштын тилегин берет дегендей мектепти аяктап, финансы техникумуна  тапшырдым. Менден улуу эжем “Асылкан мен өзүм академияда 6 жыл окусам, ата-энебизге жардам беришибиз керек. Сен техникумда оку.  жок дегенде бирөөбүз жардам берип туралы” деп экөөбүз кеңешип сүйлөшкөнбүз. Мен макул болдум. 2 жылдан кийин окууну аяктап,  райондук финансы бөлүмүнө жумушка орношуп экономист болуп 4 жылдай эмгектендим. Ошол эле ишканада башкы бухгалтер болуп 15 жыл иш жүргүздүм. Иштеп жүргөн учурда Базар-Коргон районунун акиминин орун басарлыгына сынак жарыяланып, өзүмдү сынап көрдүм. Аракет кылсаң баары болот дегендей жеңиш мен тарапка жылмайды. 2003-жылы декабрь айынынан баштап орун басарлыктын жумушун аткара баштадым. Ошол учурда менин жашоомдо чоң өзгөрүү болгон. Кыйынчылыкты ошондо сездим, эл менен иштөө, эл жүгүн аркалоо, элге жагуу үчүн ак мээнетиң менен кичипейилдик жардам көрсөтө алат экен. Базар-Коргондо 7 жыл иштегенден кийин, Сузакка жумушка келдим. Буйурса быйыл райондо иштегениме 7 жыл болот. Учурда эки уул, эки кызым бар. Кээ бир учурда мен жумуштан барганча балдарым уктап, эрте менен алар турганча жумушка кетип калган учурлар көп эле кездешкен. Коңшу аялдар күлүп калчу эле “Кечке жумушта болсоң балдарыңа кантип тарбия бересиң ар бири өзүнүн жумушун аткарып олтурушат” деп айтышса сүйүнүп калчумун. Менин жетишкен ийгиликтеримдин баары ата-энемдики деп эсептейм.

 

Даярдаган; Роза МАТМУСАЕВА, "Взгляд"

скачать dle 11.0фильмы бесплатно