Өткөн жылдын 5 айына салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында балдар өлүмүнүн саны 10го жетип, 3кө көбөйгөн. Бул тууралуу маалыматты облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчисинин орун басары Хадича Пратова билдирди.
Анын айтымында, ымыркайлар өлүмү көбөйүп, төрөттүн саны азайган.
“Балдар өлүмүнүн көбөйүшүнүн башкы себеби ымыркайлардын өз салмагына жетпей төрөлүшү жана тубаса кемтик оорулары менен төрөлүшүндө болууда”,- дейт Пратова.
Эске салсак, өткөн жылдын беш айында облус боюнча 1 жашка чейинки балдардын өлүмү 188 болсо, быйыл 152ге жеткен. Ошол эле учурда энелердин төрөтү 310го кыскарган.
Роза МАТМУСАЕВА, “Взгляд”