Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Орто-Азия айылында чагылган тийген 22 жаштагы жигиттин абалы оор бойдон калууда.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Маматжан Мияновдун билдиришинче, "жараат алган адам азыр ооруканада жатат, эсине келе элек."
Чагылгандан ал денесинен 1-2-даражадагы күйүк алып, 14-июнда облустук клиникалык ооруканага түшкөн. Ал кой кайтарып жүргөн Күрөбөз жайлоосуна 13-июндун түнү чагылган түшкөн.
Эскерте кетсек, май айында Аксы районунда 7-класстын окуучусу чагылган тийип каза болгон.