Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухаммедов Ысык-Көлдө бүгүн башталып жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына келбей калды. Ал Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун өлгөнүнө байланыштуу Кыргызстанга сапарын токтоткон болушу ыктымалдыгы кабарланууда. Бирок так себеби айтыла элек. Мындай маалыматты “Азаттык” үналгысынын сайты жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай Бердимухаммедов 2015-жылы Кыргызстанга жасаган иш сапары алкагында Көл боюнча мейманкана куруу боюнча макулдашкан. Андан тышкары Көчмөндөр оюндарынын салтанатына Орусиянын “Газпром” ишканасынын төрагасы Алексей Миллер катышары да маалымдалган. Бирок ал Кытайда өтүп жаткан "Чоң жыйырманын" саммитинде жүргөнүнө байланыштуу Кыргызстанга келбей турганын аталган ишканадан билдиришкен.
Белгилей кетсек, буга чейин Бердимухаммедов конок катары келери, Ысык-Көл жээгиндеги беш жылдыздуу мейманкананын курулуш иштеринин башатына катышары кабарланган болчу.
Эске салсак, Ысык-Көлдө Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин уланат. Расмий ачылыш салтанаты бүгүн 3-сентябрь, кечки саат сегиз жарымда болот.