Мусулмандардын ыйык Рамазан айынын этегиндеги Кадыр түн быйыл 21-июндан 22-июнга караган түнгө туш келди.
Кадыр түн - орозо айынын 27-түнүндө болот. Мусулмандардын түшүнүгү боюнча Алла Мухаммедге курандын алгачкы «Фаатиха» сүрөөсүн Рамазан айынын 27-түнү түшүргөн. Бул түнү ислам динин кармангандар таң аткыча уктабастан, Кудайга кулчулук кылып, жакшылыктарды тилеп, куран окушат. Аны мечитте же үйлөрүндө тосушат.
Кыргызстанда Рамазан айынын соңундагы Орозо айт 25-июнга белгиленди.