Жалал-Абад облусунда улуттук каада-салттарды жандандыруу максатында район, шаарларда өткөрүлүп жаткан кыз узатуу к а р о о - с ы н а г ы н ы н кезеги Жалал-Абад шаарына жетип, ал шаардын Тайгараев аймактык башкаруусуна караштуу Кызыл-Суу айылында өткөрүлдү.
Ага шаардын биринчи вице мэри Таирбек Чойбеков, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Турдалы Темирбаев жана шаардагы ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, айыл эли катышты. Бул кароо сынакка атайын комиссия курамы да түзүлгөн.
“Өткөрүлгөн иш чарага 4 боз үй тигилип, шаардык маданият үйүнүн эмгек жамааты кыргыздын эзелтен келе жаткан нукура кыз узатуу салтын сахналаштырып көрсөтүшкөн. Анда кыз узатууда алгач эки жаштын таанышуусу, ата энелеринин кудалашуусу жана тойдо жеңелеринин күйө баланы жолдоштору менен тосуп алуудагы улуттук каада-салттарын тааныштырышты”, - деп билдирет шаардык мэриянын маалымат борбору.
Кошумча маалыматка ылайык, кароо-сынактын жүрүшүндө улуттук оюндардан ордо, эр эңиш, тыйын эңмей, күрөш жана аркан тартыш оюндары да ойнотулган.
Бул тууралуу шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаев облуста мындай кароо-сынактардын өткөрүлүүсү жаңыдан өсүп келе жаткан жаш муундарга кыргыз элинин басып өткөн жолу, каада-салттары менен тереңден таанышууга мүмкүнчүлүк бере тургандыгын белгилеген.