Жалал-Абад областты боюнча жол транспорт кырсыгы азайып, 30 күн ичинде кылмыштуулуктун саны 600дөн ашуун түрү катталган. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматынын ага тескөөчүсү Мыктыбек Турдукулов билдирди.
Анын айтымына караганда, “Орозо айында Жалал-Абад областында жалпы кылмыштуулук салыштырмалуу кескин түрдө 25 пайызга азайды. 30 кун ичинде 600дөн ашуун ар турдуу кылмыш окуялары катталса, башка айларда 900дөн ашык. Ал эми алардын ичинен жол транспорт кырсыгы 28 пайызга кыскарган. Башкача айтканда мурдагы 30 күндө 74 жол кырсыгы болсо, ыйык орозо айында 53 жол кырсыгы катталды”- дейт ал.