Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 27-июнда "Акжол-унаа жолу" чек ара көзөмөл бекетинен пневматикалык курал алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Ал Казакстандан Кыргызстанга багыт алган. 32 жаштагы адамга таандык Honda Stepwgn унаасын текшерген учурда андан төрт даана Crosman үлгүсүндөгү пневматикалык курал табылган. Алардын тиешелүү документтери жок болгон. Кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.