Бүгүн 29-июнь Жалал-Абадда Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин майрамы белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага облус боюнча медицинанын бүт тармактарынан чакырылган дарыгерлер катышты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Маматжан Мияновдун айтымында, “медицина тармагы жагынан облуста көп эле өзгөрүүлөр, жаңылануулар болуп жатат. Алардын бири быйыл Россия федерациясы тарабынан келген көчмө поликлиника десек болот. Бизде быйыл табийгий кырсык көп болгондуктан, жеринде зор жардамын көрсөттү. Жашоодо ден-соолук биринчи орунда экенин билсек, түшүнсөк баардык оорунун алдын алган болобуз. Бүгүнкү шартта ак халатчандар үчүн иштөө оор болсо да, өз жумушун так аткарышып калкты жетиштүү деңгээлде тейлеп келе жатышат. Учурдан пайдаланып менда өз кесиптештерими майрамы менен куттуктап өтөм”- дейт Миянов.
Майрамдык кеченин соңунда, өз жумушун так билген дарыгерлерге сыйлыктар тапшырылды.