
15-декабрда Өзбекстандын өкмөттүк порталында министрлер кабинетинин персоналдык курамы тууралуу маалымат жарыяланды. Ага ылайык, Раматов Ачилбой премьер-министрдин биринчи орун басары, «Узбекистон темир йуллари» акционердик коому башкармалыгынын (бул кызматты 2002-жылдан бери аркалап келет) жана Аймактарды, коммуналдык, транспорт, капиталдык курулуш жана курулуш индустриясы тармактарын өнүктүрүү боюнча комплекстин жетекчиси болуп дайындалды.
Өкмөттүк порталда министрлер кабинетинин персоналдык курамы тууралуу маалымат жаңылануу баскычында экени жазылган. Өзбекстандын каржы министри болуп буга чейин экономика министри кызматында иштеген Батыр Ходжаев дайындалды. Ал өзбек Каржы министрлигин 2005-жылдан бери жетектеп келген Рустам Азимовдун ордун ээледи. Өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин Рустам Азимов өзбек президенттигине башкы талапкер катары каралып жаткан. Азырынча Рустам Азимовдун кайсыл кызматка дайындалары белгисиз.
Рустам Азимов премьер-министрдин орун басары кызматында калды. Ага Макроэкономикалык өнүгүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелери боюнча комплекстин жетекчисинин милдеттери жүктөлдү.
Өзбекстан президентинин тиешелүү жарлыгына ылайык, премьер-министрдин орун басары Адхам Икрамов саламаттыкты сактоо министри болсо, премьер-министрдин орун басарлыгы жана Өзбекстандын аялдар комитетинин төрайымы кызматына Танзила Нарбаева дайындалды.